Көмүр рыногунда баалардын учурдагы абалы

Publications: 24.12.2020


Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде берилди.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн орточо чекене баалары үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына салыштырмалуу  республика боюнча орточо алганда бир тонна үчүн 190,15 сомго же 4,3 пайызга жогорулады.

Ошентип, 2020-жылдын 24-декабрына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары   Ноокат  (бир тонна үчүн - 8 406,12 сом), Баткен (бир тонна үчүн - 8 068,94 сом) жана  Исфана (бир тонна үчүн - 7 797,44 сом) шаарларында катталды. Ушул эле учурда  минималдуу чекене баалар Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн - 3 700,00 сом), Нарын шаарында (бир тонна  үчүн - 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна үчүн - 2 500 сом) болгону байкалды.         

Муну менен бирге, көмүрдүн чекене баасы эң көп даражада Кербенде - тоннасы          1 917,00 сомго же 51,1 пайызга, Өзгөндө - тоннасы  1 371,27 сомго же 30,8 пайызга, Кара-Сууда -  тоннасы 500 сомго же 9,1 сомго жогорулады .

Муну менен бирге айрым калктуу конуштарда анын баасы мурунку айга салыштырмалуу өзгөргөн жок жана мурдагы денгээлде калды.

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

                              (бир тонна, сом)

 

 

2020-ж.

ноябры

 

2020-ж.

24 - декабрына

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 465,74

4 655,89

190,15

 Каракол ш.

5 507,32

5 507,32

0,00

 Балыкчы ш.

3 694,59

3 700,00

5,41

 Кербен ш.

3 749,67

5 666,67

1 917,00

 Токтогул ш.

5 421,05

5 421,05

0,00

 Жалал- Абад ш.

5 268,64

5 268,64

0,00

 Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

 Нарын ш.

3 500,00

3 500,00

0,00

 Исфана ш.

7 389,18

7 797,44

408,25

 Баткен ш.

7 969,94

8 068,94

99,00

 Кара-Суу ш.

5 500,00

6 000,00

500,00

 Ноокат ш.

7 736,47

8 406,12

669,65

 Өзген ш.

4 457,21

5 828,48

1 371,27

 Покровка а., Манас району

4 700,00

4 700,00

0,00

 Талас ш.

5 099,02

4 890,81

-208,21

 Кара-Балта ш.

4 000,00

4 200,00

200,00

 Токмок ш.

3 949,68

4 097,52

147,84

 Бишкек ш.

4 072,62

4 093,83

21,21

 Ош ш.

5 664,14

5 932,58

268,44

 

____________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 24.12.2020, 14:26