Республиканын айыл чарбасынын өнүгүүсүнүн тенденциялары

Publications: 30.01.2020


Улутстаткомдун борбордук аппаратынын адистери менен биргеликте Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун эксперттери тарабынан изилдөө жүргүзүлдү жана анын негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана келечектери тууралуу аналитикалык доклад даярдалды.

Талдоонун натыйжалары көрсөткөндөй, акыркы жылдардын ичинде Кыргызстандын айыл чарба сектору туруктуу оң динамикага жете алган жок. Ушул эле учурда, айыл чарбасынын ИДПнын жалпы колөмүндөгү үлүшү 2014-жылы 14,7%дан 2018-жылы 11,7%га чейин кыскарды.   

2018-жылы айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук продукцияларын дүң чыгаруунун жалпы көлөмүндөгү өсүмдүк өстүрүү продукциясынын үлүшүнө 49,0%, мал чарбасына - 48,3%, токой чарбасы, аңчылык жана балык уулоочулукка - 0,3% жана кызмат көрсөтүүлөргө - 2,4% туура келди.    

2018-жылы өсүмдүк өстүрүү продукциясынын көлөмдөрү 2017-жылга салыштырмалуу 108,2 миллиард сомдон 100,5 миллиард сомго чейин же 7,7%га төмөндөгөнү белгиленди, бул картошканы өндүрүү - 29,0%, жашылчаларды - 17,8%, бакча жемиштерин - 6,1% жана жүзүмдү өндүрүүнүн - 8,8%га  кыскарганы менен түшүндүрүлөт.

2018-жылы бул тармакка негизги салым Чүй (25,4%), Ош (20,1%), Жалал-Абад (19,9%), Ысык-Көл (11,1%) жана Талас (8,5%) облустарынын чарбаларына туура келди.

Традиция боюнча республика агрардык өлкө болуп эсептелет, анын калкынын үчтөн экиси (66%) айыл жерлеринде жашайт. Бирок, графиктен көрүнүп тургандай, акыркы жылдары республиканын айыл чарбасында иштегендердин үлүшүнүн кыскарган тенденциясы белгиленет.    

Айыл чарбасында иштеген калктын үлүшү
(экономикада иштегендердин жалпы санына карата, пайыз менен)

 

Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана келечектери тууралуу аналитикалык докладдын толук версиясы Улутстаткомдун расмий сайтына жайгаштырылат (шилтеме).


Last updating: 30.01.2020, 16:13