Цифра жана фактылар: 2018 - жылдагы туризм

Publications: 02.04.2019


Туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк 2018-жылы алдын ала баалоо боюнча 27 млрд. сомдон ашыкты же ИДПга карата 5,0 пайызды түзүп, өткөн жылдын деңгээлинде калды.

486 эс алуу мекемелери жана туризм уюмдары туристтерди кабыл алып, аларга кызмат көрсөтүштү. Анын ичинен: жайгаштыруунун адистештирилген каражаттары – 187, ошондой эле мейманканалар - 185, турфирма жана туроператорлор, саякат жана экскурсия бюросу - 64, жаратылыш паркы - 9 жана  40тан ашык башка мекемелер.

Эс алгандардын саны 1,4 млн. жакын адамды түздү (өткөн жылга салыштырмалуу өзгөрүүсүз калды). Алардын олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келди, анда эс алуучулардын саны 900 миңден ашык адамды түздү.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматтары боюнча 2018-жылы чек араны кесип өткөн чет элдик жарандардын саны 7 млн. ашык адамды түздү, бул 2017-жылдын деңгээлинен 1,5 эсеге көп.

Өлкөлөр боюнча 2017-2018-жылдардагы Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн чет элдик жарандар

(жыйынтыкка карата пайыз менен)

_____________________________________________

Керектөө рыногу, МКТ жана туризм статистикасы бөлүмү  |e-mail: ltekeeva@stat.kg; |тел. + 996 (312)  324650, 664166

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 09.04.2019, 11:35