Эл жана турак жай фондун каттоонун датасы бекитилди

Publications: 04.11.2021


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 22-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү тууралуу» №228  тиешелүү токтомуна кол койду. Эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлөт. Республиканын алыскы аймактарында эл каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин жүргүзүлөт.

Эскертүү, Эл жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт.

____________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор жана ГМС бөлүмү | e-mail: rchynybaeva@stat.kg|; Тел. + 996 (312) 325336

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 04.11.2021, 16:19