2019-жылы 14 компания лизинг ишмердигин жүргүздү

Publications: 24.03.2020


2019-жылы 14 компания лизинг ишмердигин жүргүздү, алар 566 лизинг келишимин түздү. Муну менен бирге лизинг келишимдеринин бардыгы финансылык лизинг шарттарында түзүлгөн.

2018-жылга салыштырганда түзүлгөн лизинг келишимдеринин жалпы саны 30 пайызга көбөйдү.  

2019-жылы түзүлгөн лизинг келишимдеринин жалпы наркы 1,4 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, 2018-жылга караганда 39,4 пайызга көп болду.

Финансылык лизинг предметтери чөйрөсүндө түзүмдүк өзгөрүүлөр белгиленди. Келишимдердин наркынын үлүшү азайды, мында айыл чарба техникасы, машина жана механизмдер лизингдин предмети катары чыгып, 2018-жылдагы 57,4 пайыздан 2019-жылдагы 37,0 пайызга чейин төмөндөгөн. Муну менен бирге курулуш-жол техникасы, ошондой эле транспорт каражаттары боюнча лизинг келишимдеринин наркынын үлүшү өстү.

Муну менен бирге финансылык лизинг келишимдеринин олуттуу суммасы мурдагыдай эле айыл чарба техникасын, машина жана механизмдерди сатып алуу үчүн  түзүлгөн  келишимдерге туура келди.

График: Кыргыз Республикасындагы финансылык лизинг шартында түзүлгөн келишимдердин лизингдин предмети боюнча наркы

(финансылык лизинг келишимдеринин жалпы наркына карата пайыз менен)

______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  664209, 625591

Статистикалык м аалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).

 

 


Last updating: 24.03.2020, 16:26