2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы пневмониядан каза болгондордун саны 2,2 эсеге көбөйдү

Publications: 12.02.2021


Кыргыз Республиканын Саламаттык сактоо министрликтин оперативдүү маалыматтары боюнча, 2020-жылы пневмония ооруларынын 41 миң учуру, ал эми 2019-жылдын тийиштүү мезгилинде 29 миң учур катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3 эсе көп.

2020-жылы пневмония менен ооругандардын саны
(учурлар)

 

2019

2020

Пайыз менен

 мурунку жылга 
карата

жыйынтыкка карата

Кыргыз Республикасы

31 166

40 990

131,5

100

Баткен облусу

4 193

3 045

72,6

7,4

Жалал-Абад облусу

5 709

6 663

116,7

16,3

Ыссык-Көл облусу

2 768

6 970

251,8

17,0

Нарын облусу

1 742

2 439

140,0

6,0

Ош облусу

6 231

6 460

103,7

15,8

Талас облусу

1 442

1 624

112,6

4,0

Чүй облусу

4 440

7 615

171,5

18,6

Бишкек шаары

3 409

4 966

145,7

12,1

Ош шаары

1 232

1 208

98,1

2,9

2019-жылга салыштырганда Ысык-Көл облусунда – 2,5 эсеге, Бишкек шаарында 1,4 эсеге, ошондой эле Чүй облусунда - 1,7 эсеге пневмония оорусунун кыйла көбөйгөнү белгиленди.

           2020-жылы коронавирус инфекциясына байланыштуу медициналык-санитардык мекемелерге кайрылган 32 миңге жакын адам катталган. Кайрылгандардын жалпы санынын ичинен эң чоң үлүшү Бишкек шаарына – 30 пайызы, Ош облусуна – 20 пайызы, Чүй облусуна – 15 пайыз жана Жалал-Абад облустарына – 12 пайызы туура келди. Өткөн жылдын 12 айында стационарларга 54 миңге жакын оорулуулар келип түшкөн, алардын эң көп үлүшү Ош облусуна - 15 пайызы, Жалал-Абад облусуна - 14 пайызы, Иссык-Көл облусуна жана Чүй облусуна - 11 пайызы туура келди.

2020-жылдын январь-ноябрында COVID-19 диагнозу коюлган бейтаптардын саны     
(учурлар)

 

Медициналыкбаштапкы мекемелерге кайрылгандардын саны

Ооруканаларга түшкөндөрдүн саны

Кыргыз Республикасы

31 596

54 158

Баткен облусу

1 623

3 735

Джалал-Абад облусу

3 941

7 401

Ыссык-Көл облусу

2 722

5 920

Нарын облусу

89

2 065

Ош облусу

6 425

8 124

Талас облусу

1 525

2 066

Чүй облусу

4 750

5 793

Бишкек шаары

9 570

5 014

Ош шаары

951

2 777

Саламаттыкты сактоо министирлигинин республикалы мекемелери

...

11 263

       

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча, 2019-жылы пневмониядан 626 адам каза болгон, бул өлгөндөрдүн жалпы санында дем алуу органдарынын ооруларынын 34 пайызга жакынын түздү, ал эми 2020-жылы алардын саны 1 407 адамга же 54 пайызга жетти.

2019-жылы пневмониядан каза болгондор калктын 100 миңине алганда 10 өлгөндү түзгөн, ал эми 2020-жылы 21 өлгөндү же 2,4 эсеге көп болгон.

2020-жылы коронавирустук инфекциядан (COVID-19) 2 448 адам өлдү же калктын 100 миңине алганда 37 өлгөндү түздү.

Пневмониядан болгон өлүмдүн орточо республикалык көрсөткүчтөн көбүрөөк жогору болгону Чүй жана Нарын облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында белгиленди, ал эми коронавирус инфекциясынан (COVID-19) болгон өлүмдөр Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Таласс облусунда белгиленди.

 

2020-жылы  пневмониядан жана коронавирус инфекциясынан (COVID-19) каза болгондордун саны
(калктын  100 миңине)    

1

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 12.02.2021, 15:05