2020-жылда регионалдык дүң продуктунун төмөндөшү белгиленди

Publications: 08.12.2021


2020-жылы жалпы республика боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 602 млрд.  сомдун тегерегин  түздү жана 2019 - жылга салыштырмалуу  8,4 пайызга азайды, бул регионалдык дүң продуктунун төмөндөшү менен шартталды.

Муну менен бирге, анын эң көп төмөндөгөнү Жалал-Абад облусунда (13 пайызга жакыны),  Ош ш. (12 пайызга жакыны) жана  Чүй облусунда ( 9 пайызы) белгиленди.

Регионалдык дүң продуктунун өзгөрүшү
(пайыз менен)

Регионалдык дүң продуктунун кыскарышы калктын киши башына ички дүң продуктунун төмөндөшүнө таасирин тийгизди, анын көлөмү 2020-жылы республика боюнча жалпысынан 95 миң сомдон ашыгын түздү жана 2019-жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга азайды.

Бул көрсөткүч республикалык орточо деңгээлден жогору Бишкек шаарында (212,0 миң сом, же 2,2 эсеге), Ысык-Көл облусунда (176,5 миң сом, же 1,9 эсеге) жана Ош шаарында (112,0 миң сом же 1,2 эсеге) туура келди. Орточо республикалык көрсөткүчкө карата региондук дүң продукциянын эң төмөнкү өлчөмү Жалал-Абад облусунда (54,2 миң сомго же 43 пайызга аз), Баткенде (42,3 миң сом, же 55,6 пайызга), Ош облусунда (37,0 миң сом же 61 пайызга) тиешелүүлүгүнө жараша аз белгиленди.

Калктын киши башына ички дүң продукт 
(учурдагы бааларда, млн. сом)

_____________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 09.12.2021, 08:34