2020 -жылы өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү белгиленди

Publications: 07.09.2021


2020-жылы 325 млрд. сомдон көбүрөөк өнөр жай продукциялары өндүрүлдү, бул 2019-жылга салыштырмалуу 6,6% аз. “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда өндүрүүнүн көлөмү 8,6% азайып, 154 млрд. сомго жакынын түздү. Өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу чектөөчү чаралардын киргизилишине байланыштуу болду.

Пайдалуу кендерди казуу тармагында продукцияны өндүрүү 22,4% кыскарды, иштетүүчү өнөр жайында – 7,2%, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү чөйрөсүндө – 2,1% азайды.

2020-жылы экономикалык иштердиктин негизги түрлөрү боюнча өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмү
(өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүнө карата % менен)

2020 -жылы өнөр жай өндүрүшүнүн 2019 -жылга салыштырмалуу төмөндөшү фармацевтикалык жана химиялык продуктыларды өндүрүүнү кошпогондо, ишмердүүлүктүн дээрлик бардык түрлөрүндө байкалган, мында мурунку жылга салыштырмалуу фармацевтикалык продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү 2 эсеге жана химиялык продукциялар – 40% көбөйдү.

Фармацевтика продукцияларын өндүрүү көлөмүнүн былтыркы жылга салыштырмалуу өсүшү, жаратты таңуучу материалдарды, кетгут жана ушул сыяктуу материалдарды, биринчи жардам кутучаларын өндүрүү (18 эсеге), дарыларды (30%), ветеринардык вакцина (7 эсеге) өндүрүү көлөмүнүн жогорулашы менен шартталды. Химиялык продукцияларды өндүрүү көлөмүнүн өсүшү негизинен кислород, башка парфюмердик жана косметикалык продукцияларды (антисептикалык каражаттар) өндүрүү көлөмүнүн өсүшү менен шартталды.

2020-жылы иштетүүчү өнөр жайында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмү 266 млрд. сомдон көбүрөөгүн түздү, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 92,8% түздү.

Иштетүүчү өнөр жайынын түзүмүндө эң чоң үлүш негизги металлдарды (72%) жана тамак -аш продукцияларын (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки буюмдарын (13%) өндүрүүгө туура келди.

Былтыркы жылга салыштырмалуу кайра иштетүү өнөр жайынын көлөмүнүн төмөндөшү негизинен мунай продукцияларын, кийим, башка металл эмес минералдык продуктуларды, тамак-аш өндүрүү, ошондой эле негизги металлдарды өндүрүү көлөмүнүн кыскарышы менен шартталды.

2020-жылы текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаарыдан жасалган башка буюмдарды өндүрүү көлөмү 22% азайды, бул негизинен текстиль өндүрүшүнүн -   10%, кийим өндүрүүнүн - 24%, ошондой эле булгаарыдан жасалган башка буюмдарды жана бут кийим өндүрүүнүн - 25% азайышы менен байланыштуу.

Былтыркы жылга салыштырмалуу негизги металлдардын өндүрүү көлөмүнүн азайышы негизинен асыл (баалуу) металлдардын өндүрүшүнүн 4% кыскарышына байланыштуу болду.

Башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 7% азайды, бул цемент өндүрүүнүн 4% жана айнектен жасалган буюмдарды өндүрүүнүн 10% азайышы менен байланыштуу болду.

Мунайзат продукцияларын өндүрүү көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 59% кыскарды, бул бензин өндүрүүнүн дээрлик - 87%, дизелдик май – 29% жана мазут өндүрүүнүн - 25% азайышы менен байланыштуу болду.

Тамак-аш азыктарын (ичимдиктерди кошкондо) жана тамеки өндүрүү көлөмүнүн азайышы кант өндүрүүнүн 42%, өсүмдүк жана малдын майларын өндүрүү – 25%, ун – 15%, нан жана нан азыктарын өндүрүү көлөмүнүн 5%  азайышынын эсебинен болду.

Пайдалуу кендерди казуунун көлөмү 2020-жылы 18 млрд. сомдон көбүрөөгүн түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 77,6% түздү. 2019-жылга салыштырмалуу өндүрүү көлөмүнүн азайышы металл рудаларын казуу көлөмү - 32%, башка пайдалуу кендерди казуунун - 21% азайышы менен байланыштуу болду. 

2020-жылы электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоонун  көлөмү  38 млрд. сомго жакын сумманы түзүп,  өндүрүү   көлөмү 2,7% көбөйдү, бул электр энергияны өндүрүүнүн жана бөлүштүрүүнүн - 2%, газ өндүрүүнүн , газ үлгүсүндөгү отунду бөлүштүрүүнүн - 7%, жылуулук энергия менен камсыз кылуунун - 13% көбөйүшү менен байланыштуу.

_________________________________________

Өнөр жай жана энергетика статистикасы бөлүмү | электрондук почта: a.mamanova @ stat.kg; |тел. + 996 (312) 66-40-44

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тиешелүү метадайындарды колдонууда колдонуучулар өз булактарына шилтеме кылууга милдеттүү. (Расмий статистика жөнүндө мыйзамдын 30 -ст.).


Last updating: 07.09.2021, 10:09