Бишкекте Түндүк жана Борбордук Азиянын өлкөлөрү үчүн калктын табигый кыймылынын статистикасы боюнча эл аралык семинар өтүп жатат

Publications: 07.10.2019


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, эркин соода жүргүзүүнүн Европа ассоциациясынын, Норвегиянын борбордук статистикалык бюросунун жана Азия, Тынч океан өлкөлөрү (ЭСКАТО) үчүн БУУнун экономикалык жана социалдык комиссиясынын колдоосу менен эл аралык семинар өткөрүп жатат.

Эл аралык семинар  2019-жылдын 7-октябрынан 11-октябрга чейин өтүп, анда Түндүк жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн калктын табигый кыймылынын статистикасы тууралуу маселелер талкууланат. Анын ишине улуттук статистика кызматынын, жарандык абалдын актыларын каттоочу органдардын жана саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөр жана эксперттер катышууда.

 Эл аралык семинардын негизги максаты – Түндүк жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн калктын табигый кыймылы боюнча статистикалык маалыматтарды чыгаруудагы, таратуудагы жана көрсөтүүдөгү потенциалын жогорулатуу, ошондой эле ага катышкан өлкөлөр арасында тажрыйба алмашуу болуп эсептелет.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жарандык абалдын актыларын каттоо менен иштеген, калктын табигый кыймылы боюнча статистикалык маалыматтарды чыгарган, тараткан мекемелер ортосундагы өз ара аракетти бекемдөө боюнча билим алышат.

Мындан тышкары, семинардын катышуучулары калктын табигый кыймылын камтыган статистикалык маалыматтардын мазмунун жакшыртуу боюнча эл аралык сунуштар, ошондой эле бул маалыматтарды жайылтуунун колдонуучулар үчүн ыңгайлуу жолу менен да таанышып чыгышат.

Эл аралык семинардын материалдары БУУ ЭСКАТО сайтында жайгашкан:  https://www.getinthepicture.org/resource/presentations-and-working-session-documents-north-and-central-asian-vital-statistics

 


Last updating: 07.10.2019, 12:09