Бишкекте “Кыргыз Республикасында туруктуу өнүгүү максаттары жана гендер” басылмасынын бет ачары болуп өттү

Publications: 16.03.2023


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети “БУУ Аялдар” түзүмүнүн региондук офиси менен биргеликте “Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү максаттары жана гендер” басылмасынын жыйынтыктары тууралуу презентация өткөрдү.

Иш-чаранын максаты мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн ТӨМдү ишке ашыруунун жана аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн алкагында негизделген саясий жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн туруктуу өнүгүү жана гендердик теңчилик жаатындагы учурдагы абал жана прогресс жөнүндө маалымдоо болду.

Катышуучуларга Улутстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов кайрылып, Улутстатком өлкөдө гендердик теңчиликке жетишүү боюнча прогрессти баалоо үчүн маанилүү инструмент катары гендердик статистиканы өндүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын баса белгиледи. "Биз туруктуу өнүгүү үчүн негизделген саясий жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууда статистика жана маалыматтар маанилүү болгон санариптештирүү доорунда жашап жатабыз. Гендердик-дезагрегацияланган маалыматтарды чогултууну жакшыртуу 2030 - жылга чейин расмий статистиканы өнүктүрүү  Улуттук Стратегиянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат", - деп белгиледи баяндамачы.

Чогулгандарга саламдашуу сөзү менен "БУУ-Аялдар" түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Ульзийсурен Жамсран айым кайрылды, ал Улутстатком менен "БУУ –Аялдар" түзүмүнүн гендердик маалыматтарды иштеп чыгууда, калыптандырууда жана жайылтууда өз ара аракеттешүүсүн жогору баалады.

Гендердик көйгөйлөрдү чечүүгө жана гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган саясатты пландоодо, чогултууда жана иштеп чыгууда гендердик статистиканын маанилүүлүгү жөнүндө "БУУнун Европа жана Борбор Азиядагы аялдар" кеңсесинин Маалымат боюнча аймактык кеңешчиси Ала Негруца айым айтып берди.

Иш-чаранын жүрүшүндө аялдарга жана кыздарга карата зомбулук, акы төлөнбөгөн үй эмгеги, жумуш менен камсыз болуу деңгээли жана чечим кабыл алуу процессине аялдардын катышуусу маселелери талкууланды.

****

Национальная информационно-статистическая система Кыргызской Республики, являющаяся важнейшей государственной информационной системой республики, отвечает современным требованиям рыночной экономики, обеспечивает органы государственной власти и общественность необходимой информацией о социальном, экономическом, демографическом и экологическом положении республики.

Пользователи при использовании данных официальной статистики и соответствующих метаданных обязаны ссылаться на их источник (ст. 30 Закона Кыргызской Республики «Об официальной статистике»).

За более подробной информацией по вопросам организации интервью обращаться:

Пресс-служба Нацстаткома Кыргызской Республики, тел.: + 996 (312) 625 747    e-mail: smi_nsc@stat.kg,
Адрес: ул. Фрунзе 374 (пересекает ул. Т. Молдо).

 


Last updating: 16.03.2023, 15:12