Бишкекте Улутстаткомдун кызматкерлери менен журналисттердин жолугушуусу болуп өттү

Publications: 19.12.2017


Бүгүн, 19-декабрда, Улутстаткомдо республиканын статистикалык органдарынын жүргүзгөн иштерин, методологияларын, эсептөөлөрүн тагыраак көрсөтүп берүү боюнча, социалдык-экономикалык өнүктүрүү маселелерин чагылдыруучу журналисттер менен статистика кызматкерлеринин жолугушуусу болуп өттү.

Журналисттердин алдына Улутстакомдун баалар статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова чыгып сүйлөп, баалардын статистикасы боюнча түшүндүрмөлөрдү берди, ошондой эле, республикада бааларга статистикалык байкоо жүргүзүү жөнүндө айтып берди.

Андан кийин, Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын башчысы Эльвира Исенкулова чыгып сүйлөдү, ал байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканы эсептөөнүн ыкмалары, эмнелерден куралары  жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, ал журналисттерге ушундай экитараптуу маанилүү ишчарага катышып келгендери үчүн ыразычылык билдирди.

Демографиялык статистика жана статистикалык каттоолор башкармалыгынын башчысы Римма Чыныбаева журналисттерге энелердин жана ымыркайлардын өлүмү, акыркы жылдардагы статистикалык байкоо жүргүзүүлөр жөнүндө айтып берди.

Журналисттердин алдына чыгып сүйлөөлөрдү Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистикасы бөлүмүнүн башчысы Жайлобаева Гульнара Жылкычиевна “кызматкерлердин номиналдуу орточо айлык маянасын эсептөө” темасы  боюнча сүйлөп берүү менен аяктады.

Ал, эсептөөнүн методологиясы боюнча журналисттерге түшүндүрмө берип, кызматкерлердин номиналдуу орточо айлык маянасы кандай эсептелээрин слайддан көрсөтүп берди.

Жолугушууда активдүү диалог жүрүп, Улутстаткомдун адистери журналисттердин суроолоруна жоопторду беришти. Мындай жолугушуулардын эки тарапка тең бирдей манилүүлүгүн  жолугушуунун катышуучулары бир добуштан белгилешти.

 


Last updating: 20.12.2017, 08:43