Республикада көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу 8 пайызга төмөндөдү

Publications: 30.12.2021


Көмүрдүн чекене баалары 2021-жылдын декабрына карата абалы боюнча үстүбүздөгү  жылдын ноябрына салыштырмалуу республика боюнча бир тонна  үчүн орточо 5 211,2 сомду түздү жана 8,2 пайызга төмөндөдү, бул алардын Исфана (бир тонна үчүн 2 270,8), Баткен  (бир тонна үчүн 2 120,1 сом),  Ноокат (бир тонна үчүн 1 654,1 сом) жана Талас (бир тонна үчүн 1 620,3 сом) шаарларында төмөндөшү менен шартталды.

Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн 4 050 сом), Нарын шаарында (бир тонна үчүн 4 450 сом), болгону байкалды. Ошол эле учурда, көмүргө болгон жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн 7 764сом), Баткен (бир тонна  үчүн 7 599сом),  Кербен (бир тонна үчүн 7 211сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн 7 000 сом)  шаарларында катталды.

2021-жылы айрым калк жашоочу пункттарда көмүрдүн орточо чекене баалары

  (бир тонна, сом)

 

 

Ноябрь

 

Декабрь

Четтөө:

Өсүү (+), төмөндөө (-)

(2021ж.-декабры 2021ж.-ноябрына карата)

Кыргыз Республикасы

5677,0

5211,2

-465,9

 Каракол ш.

6334,6

6682,6

348,0

 Балыкчы ш.

4049,7

4049,7

0,0

 Кербен ш.

5999,2

7211,1

1 211,9

 Токтогул ш.

7395,1

6846,5

-548,6

 Жалал- Абад ш.

7054,0

6815,4

-238,6

 Чаек а., Жумгал району

3000,0

3000,0

0,0

 Нарын ш.

4500,0

4500,0

0,0

 Исфана ш.

9117,3

6846,5

-2 270,8

 Баткен ш.

9718,8

7598,7

-2 120,1

 Кара-Суу ш.

7000,0

7000,0

0,0

 Ноокат ш.

9418,1

7763,9

-1 654,1

 Өзгөн ш.

6246,7

5863,6

-383,1

 Покровка а., Манас району

5500,0

6000,0

500,0

 Талас ш.

7232,7

5612,5

-1 620,3

 Кара-Балта ш.

4500,0

4500,0

0,0

 Токмок ш.

4647,6

4598,9

-48,7

 Бишкек ш.

5039,4

4500,0

-539,4

 Ош ш.

7165,6

6763,5

-402,0

Белгилей кетсек, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө бааларды жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы №209 токтому менен көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Жалал-Абад (тоннасы 4 000 сом), Талас (тоннасы 4 500 сом) жана Ноокат (тоннасы 5 000 сом) шаарларында төмөндөтүлгөн баалар боюнча көмүр сатуу түйүндөрү катталган.

Көрүлгөн чаралардын убактылуу мүнөзүн эске алуу менен Улутстатком тарабынан эсептөөлөрдү жүрүшүндө көмүргө карата жогоруда көрсөтүлгөн орточо баалар жыйынтыктарга киргизилген эмес.

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

____________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү  |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 30.12.2021, 17:44