Статистикалык изилдөө институтунда "Ала-Тоо" Эл аралык университетинин деканаты жана студенттери менен жолугушуу болуп өттү

Publications: 12.04.2019


Жуманын башында, 2019-жылдын 9-апрелинде, Улутстаткомдун Статистикалык изилдөө жана квалификацияны жогорулатуу институтунда "Ала-Тоо" Эл аралык университетинин экономика факультетинин деканаты жана 2-курстун студенттери менен жолугушуу болуп өттү.

Аларга "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын системасы" аталышындагы тааныштыруу лекциясы окулду.

 Студенттер статистикалык маалыматтарды чогултуу, макроэкономикалык көрсөткүчтөр: ИДП, көмүскө экономика, туризм, инфляция, жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрү - жашоо-тиричилик минимуму  жана бааларды каттоо маселелерине кызыгышты жана ынанымдуу жоопторду алышты.

Бул иш-чара 2019-2023-жылдарга адам ресурстарын башкаруу Стратегиясынын жана Статистикалык изилдөө жана квалификацияны жогорулатуу институтунун 2019-жылга карата Иш планынын алкагында уюштурулду.


Last updating: 12.04.2019, 10:37