Өткөн жылы өсүмдүк майлары, картошка жана кумшекер эң көп кымбаттады

Publications: 21.01.2021


2020-жылдын январь-декабрында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 17,6 пайызга жогорулады. Муну менен бирге, баалар чеснокко - 1,7 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 49,0 пайызга,  картошкага - 48,4 пайызга, кумшекерге - 31,2 пайызга, жаңы союлган этке - 26,3 пайызга, тооктун жумурткасына - 23,6 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 17,6 пайызга, гречиха акшагына - 16,7 пайызга, унга - 16,1 пайызга, макарон азыктарына - 13,7 пайызга, жаңы бышкан жашылчаларга - 10,3 пайызга, накта балга - 7,8 пайызга, ышталган балыкка - 7,1 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 6,3 пайызга, күрүчкө - 5,7 пайызга, майлуугу 2,5 - 3,2 % пастеризацияланган сүткө - 5,1 пайызга, нанга - 4,0 пайызга  жана сырларга - 3,8 пайызга көбүрөөк жогорулаганы белгиленди. Ушул эле убакта, жалпысынан өткөн жылы таруунун (7,2 пайызга), бисквит тортунун (3,4 пайызга), тоңдурулган балыктын (3,1 пайызга), туздун (1,5 пайызга) жана тооктун сан этинин (1,4 пайызга) баалары төмөндөдү.

Өткөн жылдын декабрында мурунку айга салыштырмалуу тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары жалпы республика боюнча 3,9 пайызга жогорулады. Баалар картошкага - 15,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 12,7 пайызга, уйдун бооруна - 10,3 пайызга, тооктун жумурткасына - 9,4 пайызга, малдын тоңмайлары жана өсүмдүк майларына - 7,3 пайызга, куюп сатылуучу сүткө - 5,3 пайызга, койдун этине - 3,8 пайызга, уйдун этине - 3,7 пайызга, жылкынын этине - 3,3 пайызга, тоңдурулган балыкка - 2,9 пайызга, узун дандуу күрүчкө - 2,1 пайызга, каймакка - 2,0 пайызга жана кумшекерге - 1,3 пайызга кыйла жогорулоосу байкалды. Муну менен катар, накта балдын (2,3 пайызга), эт экстрактынын (1,6 пайызга), туздун (1,3 пайызга), бисквит тортунун (1,1 пайызга), макарон азыктары жана таруунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

___________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү                |e-mail: ceny@stat.kg;    тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 21.01.2021, 14:36