Кыргызстанда биринчи жолу керектөө товарларына бааларды талдоо үчүн онлайн инструменти колдонулат

Publications: 04.12.2017


Бишкекте, 5-декабрда, “Плаза” мейманканасында FPMA Tool керектөө продукттарына бааларга мониторинг жүргүзүү үчүн биринчи онлайн инструментинин презентациясы болуп өтөт.

Бул инновация базада сакталган маалыматтардын чоң көлөмүнө жөнөкөй жеткилик жөндөмүн камсыздайт. Бул керектөөчүлөргө бааларды бат карап, товарлардын, рыноктордун, өлкөлөрдүн ортосунда салыштырууларды жүргүзүүгө, ошондой эле, графиктерди, маалыматтарды жана базалык статистикалык көрсөткүчтөрдү чыгарып алууга мүмкүндүк берет. FPMA Tool Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча 19 шаарда керектөө товарларынын 56 түрүн камтуусун белгилөө керек.

FPMA Toolду практикада колдонуу, дүйнө жүзүндө мурдатан бери  эле жүргүзүлүп келе жатат. Бириккен Улуттар уюмунун Азык-түлүктүк жана айыл чарбалык ФАО уюмунун жана Турция өкмөтүнүн жардамында, 2017-жылдан баштап,  Улуттук статистикалык комитети бул инструментти Кыргыз Республикасында ишке ашырууда.


Last updating: 04.12.2017, 14:35