Үстүбүздөгү жылдын майында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өткөн айга салыштырмалуу 1,3 эсеге көбөйдү

Publications: 23.06.2021


Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын майында жалпы республика боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) оорусу менен лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган 9,6 миңден ашык учурлары катталган.

2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны
(учурлар)

 

Бардыгы

Калктын 100 миңине

 

март

апрель

май

март

апрель

май

Кыргыз Республикасы

2 377

7 621

9 625

36

116

146

Баткен облусу

14

35

60

3

6

11

Жалал-Абад облусу

92

144

212

7

12

17

Ысык-Көл облусу

177

356

610

35

71

122

Нарын облусу

43

101

227

15

35

78

Ош облусу

44

86

175

3

6

13

Талас облусу

2

41

90

1

15

33

Чүй облусу

683

2 174

2 241

71

225

232

 Бишкек шаары

1 286

4 558

5 580  

121

428

524

 Ош шаары

36

126

430

11

40

135

Үстүбүздөгү жылдын майында коронавирус инфекция оорусу менен катталган учурлардын 60% пайызга жакыны Бишкек шаарына, ал эми 23 пайызга жакыны -  Чүй облусуна туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын майында калктын 100 миңине алганда ооругандардын апрелге салыштырмалуу саны - 1,3 эсеге, ал эми март айына салыштырмалуу - 4,1 эсеге көбөйгөн.

Калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны

___________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 23.06.2021, 13:33