Ушул жылдын май айында республиканын экономикасы төмөндөдү

Publications: 10.06.2020


Ички дүң продукт 2020-жылдын январь-май айларында, алдын ала баалоо боюнча, 186 миллиард сомдон ашты жана 2019-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 4,8 пайызга азайды.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2020-жылдын январь-майда ИДП көлөмү 161 миллиард сомду түзүп, 6,4 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-майда 124 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-майга салыштырмалуу 0,2 пайызга азайды, бул чийки мунайзатты өндүрүүнүн (65,9 пайыз), жыгачты жана кагаз иштетүүнүн (25,4 пайыз), резина жана  пластмасса буюмдарынын жана металлдык эмнес буюмдардын (21,9 пайыз), текстиль, кийим, бут кийим өндүрүшүнүн, булгаары жана булгаарыдан жасалган буюмдардын өнүдүрүшүнүн (13,3 пайыз) азайгандыгына, ошондой эле тамак-аш продуктулар өндүрүшүнүн, анын ичинде суу ичимдиктери менен тамеки өндүрүүңүнүн (4,0 пайыз) кыскарганына байланыштуу.

 

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү - 7,4 пайызды азайды,  дүң жана чекене соода тармагы - 13,8 пайызга төмөндөсө, айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда көлөмдөрдүн өсүшү 1,3 пайызды түздү.

2020-жылдын январь-май айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтер 3,7 пайызга өстү, бул  тамак-аш продуктуларынын жана алкоголсуз суусундуктардына (7,6 пайыз), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баалары (5,2 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн (0,1 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталды. Ушул эле учурда, өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу май айында азык-тулүк эмес товарлардын баалары 0,7 пайызга төмөндөдү.  

Керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулаганы Талас облусунда байкалды (5,8 пайыз). Бул башка региондорго салыштырмалуу, баалардын тамак-аш продуктуларына жана алкоголсуз суусундуктарга көбүрөөк жогорулаганы менен шартталды.    

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, 2020-жылдын январ-апрель айларында 1 753,9 млн АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январ-апрелине салыштырмалуу 21,1 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда  экспорттук жөнөтүүлөр 2,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 31,4 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-апрелинде Республиканын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  764,5 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 8,1 пайызга азайган.

Ушул эле учурда, экспорттук жөнөтүүлөр - 17,4 пайызга азайган, импорттук келип түшүүлөр - 5,2 пайызга төмөндөдү.  Республиканын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (69,7 пайызы) жана Казакстанга (28,5 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

 (өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат.  Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси). Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |


Last updating: 11.06.2020, 10:36