Улутстаткомдо кадрдык өзгөрүүлөр

Publications: 15.12.2021


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тескемесине ылайык, Насирдиов Самат Насирдинович Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин башка тескемесине ылайык Чуйков Николай Алексеевич Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Эске салсак, Самат Насирдинов Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин ушул жылдын февраль айынан 9-декабрьга чейин  жетектеген.

 


Last updating: 15.12.2021, 13:04