Улутстаткомдо маалыматтарга негизделген башкаруу системасын ишке киргизүү маселелерин талкуулашты

Publications: 03.09.2021


Улутстаткомдо Кыргыз Республикасында "Маалыматтарга негизделген башкаруу" - Data-Driven Governance демилгесин жайылтуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун аймактык органдары үчүн сапаттуу маалыматтарды берүү маселелери талкууланды.

Улутстаткомдун төрагасы Самат Насирдинов жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн Кыргыз Республикасында бул демилгени киргизүү жана ишке ашыруу боюнча концепцияны иштеп чыгууну бурду.     

Сапаттуу маалыматтарды мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун региондук органдарына берүү максатында жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тутумду киргизүү, ошондой эле анын түзүмүн аныктоо жана бир райондун мисалында пилоттоштуруу үчүн маалыматтардын тобун аныктоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган.  

Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун, башка министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык донорлор, БУУӨП, Дүйнөлүк Банктын, ЕККУнун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышышты.

____________________________________________________________________________

Региондук статистиканы жана сапатты өнүктүрүү бөлүмү  e-mail: azharkynbaeva@stat.kg   +996 (312) 66-42-11

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Last updating: 03.09.2021, 10:55