Улуттук статкомдо IT-кеңештин жыйыны болуп өттү

Publications: 23.10.2019


22-октябрда Улуттук статистика комитетинде болуп өткөн IT-кеңештин жыйынында электрондук отчеттуулуктун “Статистика” эмгектин статистикасы, инвестиция жана финансы, ошондой эле “Тышкы жана өз ара соода” статистикалык системасы боюнча статистикалык маалыматтарды башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууда жасалып жаткан иштер борбордук аппараттын жана Башкы эсептөө борборунун жооптуу кызматкерлери тарабынан көрсөтүлдү.

Статистикалык электрондук отчеттуулуктун автоматташтырылган формасын тестирлөөнүн натыйжасында кагаз форматта иштөөгө караганда бир топ артыкчылыктарга ээ экендиги, алардын негизгиси чыгымдардын үнөмдөлүшү, иштеп чыгуулардын мөөнөтүнүн азайышы, маалыматтардын сапаты жана ошондой эле  кетирилген каталарды ыкчам оңдоо мүмкүндүгү болорун көрсөтө алды. Мындан тышкары, бул респонденттерге статистикалык формаларды жеке кабинет аркылуу толтурууну тесттик режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Улуттук статкомду электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн порталына кошуу маселеси каралып, талкуунун аягында тиешелүү мекемелердин жана территориялык органдардын кызматкерлерин окутуу боюнча чечим кабыл алынды.

Статистикалык системанын расмий статистикалык маалыматтарын жыйнап иштеп чыгуучу IT-инфраструктурасын модернизациялоо маселеси да талкууланды.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонду, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Мамлекеттик бажы кызматы менен өз ара маалымат алмашуулар жүрүп жаткан СМЭВ “Түндүк” алкагы аркылуу административдик маалыматтарды алмашуунун учурдагы абалы да каралды.

Жыйында автоматташтырылган “Персоналды башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасын” ишке киргизүүнүн жүрүшү тууралуу да маалымат берилди. Ал ишке кирсе Улуттук статкомдун адам ресурстарын башкаруу системасынын түзүмүн ачык көрсөтүп, кызматкерлерди ишке кабыл алгандан тарта иштен бошотууга чейинки болгон иш-аракетин байкоого алууга мүмкүндүк пайда болуп, ошондой эле кадрлар резервин түзүүнү да жакшыртат.

Улуттук статкомдун IT-кеңешинин жыйынынын акырында “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашыруунун “Жол картасынын” иш-чараларынын алкагында, статистикалык системага мындан ары санарип технологияларын киргизе берүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


Last updating: 23.10.2019, 11:00