Улутстаткомдо Азия-Тынч океан аймагында мыйзамсыз (жашыруун) финансылык агымдарды өлчөө маселелери каралды

Publications: 06.10.2021


     2021-жылдын 4-5-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде «Азия-Тынч океан аймагында мыйзамсыз (жашыруун) финансылык агымдарды өлчөө үчүн маалыматтар жана статистика» пилоттук долбоорун талкуулоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган эксперттик жумушчу топтун отуруму өттү. Долбоор БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ), Азия жана Тынч океан үчүн экономикалык жана социалдык комиссиясы (ЭСКАТО) жана БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) менен биргеликте ишке ашырылууда.         
    Долбоордун максаты, 16.4.1. «Кирүүчү жана чыгуучу жашыруун финансылык агымдардын жалпы көлөмү» ТӨМ көрсөткүчүнүн мониторингин жана баалоосун жүргүзүү үчүн коммерциялык ишмердик жана салык салуу менен байланышкан мыйзамсыз финансылык агымдарды (МФА) өлчөө ыкмаларын тандоо жана малыматтарды топтоонун жетиштүүлүгүн аныктоо болуп саналат.
   Отурумдун жыйынтыктары боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү жашыруун финансылык агымдардын тобокелдиктерин баалоону, статистикалык маалыматтардын жетиштүүлүгүн аныктоо, Кыргыз Республикасында МФА пилоттук баалоо жүргүзүү жана 16.4.1. ТӨМдүн көрсөткүчүн эсептөө методикасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен аракеттердин мындан аркы планын талкуулашты.

 

____________________________________________________________________________
Социалдык статистика болүмү: e-mail: rakhmanovazz@mail.ru, e-mail: social-nsc@mail.ru. тел.+996(312) 664042
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 06.10.2021, 15:16