Улутстаткомдо Норвегиянын Борбордук статбюросу менен кызматташуу боюнча жылдык жыйын болуп өттү

Publications: 18.01.2019


Бүгүн, Улутстаткомдо Улуттук статистика комитети менен Норвегиянын Борбордук статистика бюросунун ортосундагы институционалдык кызматташтыкты ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди кароо боюнча жылдык жыйын болуп өттү.

Улуттук статистика комитети (КР УСК) он жылдан бери Норвегиянын Борбордук статистика бюросу (НБСБ) менен активдүү кызматташып келе жатат. Кызматташтыктын бул жылдарында улуттук статистика системасын реформалоо жаатындагы түрдүү маселелерди камтыган кызматташтыктын үч фазасы ишке ашырылды. Азыркы убакта кызматташтыктын 4-фазасы ишке ашырылып жатат. Кызматташтыктын 4-фазасын ишке ашырууга КР Өкмөтүнө караштуу Мамкаттоо кызматы, ошондой эле Норвегиянын картографиялык кызматы да катышып жатат. Кызматташтыктын бул фазасы КР УСКнын потенциалын гана жакшыртууга багытталбастан, ведомстволор ортосундагы өз ара иштешүүнү жана расмий статистиканы өндүрүү үчүн КР УСК жана Мамкаттоо кызматынын ортосунда маалымат алышууну жакшыртууга салым кошууга да багытталган.  

Кызматташтыктын 4-фазасын ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, КР УСКнын жетекчилиги кызматташтыктын 4-фазасынын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча учурдагы жагдайды жана 2019-жылга карата кийинки пландарды талкуулоо үчүн 2019-жылдын 18-январында НБСБнын өкүлдөрү менен жылдык жыйын өткөрдү. 

Жылдык жыйын аткарылган иштер жөнүндө сереп жүргүзүлгөн эки ведомствонун ортосундагы жогорку орган болуп саналат жана алдыдагы мезгилге карата иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алат.

Жыйында эки тараптуу кызматташтыктын төмөнкү үч компоненттери боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматтар берилди жана бул иш-чараларды ишке ашыруу боюнча кийинки пландар макулдашылды: 

  • Статистика карталарда
  • Административдик маалыматтар/каттоо жана демографиялык статистика
  • Сапатты камсыздоо

Жыйынга НБСБнын атынан өлкөлүк координатор айым Сигне Вралстад жана НБСБнын улук кеңешчиси айым Анне Абельзет катышышты.

 


Last updating: 18.01.2019, 17:21