Улутстаткомдо кеңейтилген коллегиянын отуруму болуп өттү

Publications: 16.02.2018


Бүгүн, 16-февралда, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинде Коллегиянын кеңейтилген отуруму, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппаратынын, Борбордук аппараттын, БЭБ жана РМБ өкүлдөрүнүн, мамлекеттик статистиканын облустук, (шаардык) башкармалыктарынын жана райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен болуп өттү.

2017-жылда мамлекеттик статистика органдарынын иштеринин жыйынтыктары жана 2018-жылга тапшырмалар боюнча доклад менен чыгып, Улутстаткомунун төрагасы Акылбек Султанов, өткөн жылдагы Улутстаткомдун ишмердүүлүгүн, жетишкендиктерин жана 2018-жылы аткарылуучу иш пландарын белгиледи.

Мамлекеттик статистика органдарынын мыкты кызматкерлери жыл жыйынтыгы боюнча дипломдорду алышты.

Коллегиянын кеңейтилген отурумунда, ошондой эле, Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары А.Оросбаев, орун басары   Л.Текеева жана  облустук жана шаардык мамлекеттик статистикалык башкармалыктардын, Борбордук эсептөө борборунун, Ресурстук-методикалык борбордун жетекчилери чыгып сүйлөштү.


Last updating: 16.02.2018, 14:58