Улутстаткомдо “Кыргыз тили жана Ч. Айтматов” аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Publications: 11.10.2018


Видео: А.Султанов Ч.Айтматов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 2-апрелиндеги №81 “Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага коомдук ишмер Айтматова Роза Төрөкуловна, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы, филология илимдеринин кандидаты Исаева Нурзина Токторбековна, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана Улутстаткомдун борбордук аппаратынын жалпы жамааты катышты.   


Last updating: 12.10.2018, 15:47