Октябрь айында экономикалык өсүштүн оң тенденциясы уланууда

Publications: 12.11.2021


Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча, 556 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2020-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 1,6 пайызга жогорулады.

«Кумтор» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында ИДПнын көлөмү 506 миллиарддан ашык сомду түздү жана 4,1 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-октябрь айларында 274 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 0,2 пайызга жогорулады, буга себеп тазаланган мунайзат өндүрүшүндө (54,5 пайызга), муну менен катар, резина жана пластмасса буюмдарынын, башка металл эмес минерал продуктулар өндүрүшүндө (49,5 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдар өндүрүшүндө, полиграфиялык ишмердикте (29,9 пайызга), пайдалуу кендерди казуу өндүрүшүндө (18,9 пайызга), ошондой эле тамак-аш (анын ичинде суусундуктар) азыктарын жана тамеки өндүрүүдө (14,0 пайызга), көлөмдөрдүн жогорулаганы белгиленди.

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалды, алардын көлөмү курулушта – 5,0 пайызга, айыл чарбасында – 4,4 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда дүң жана чекене соода, жүгүртүүдө тескерисинче, көлөмдүн 10,2 пайызга өсүшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 7,9 пайызды түздү. Ушул эле учурда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 10,3 пайызга, тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 9,4 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга – 8,2 пайызга, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери – 1,9 пайызга өсүүлөрү байкалды.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч 11,2 пайыз) Баткен облусунда катталган, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалардын өсүүшү (15,5 пайызга) болгон баалар жогору экени аныкталды.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрында 5,0 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 19,6 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 22,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 43,6 пайызга жогорулады.

Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрында 2,4 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 29,0 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 32,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 28,1 пайызга жогорулаган. 

Республиканын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,3 пайыз) жана Казакстанга (33,3 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

Презентациялар:

2021-жылдын январь-сентябрында Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы (алдын-ала жыйынтыгы)

Окружающая среда в Кыргызской Республике

Подготовительные работы переписи населения и жилищного фонда 2022 года в Кыргызской Республики

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Last updating: 12.11.2021, 15:51