Республикага биринчи жарым жылдыкта чет өлкөлүк жарандардын келүүлөрүнүн санынын олуттуу өсүшү байкалды

Publications: 22.08.2022


Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын чек арасын жарандык өлкөлөрү боюнча кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны (келүүлөр) 2,6 миллионду түзүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп болду. Ошол эле учурда КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын чек араны  кесип өтүүлөрүнүн үлүшүнө 97 пайыз же 2,5 миллиону туура келди. Алардын эң көп саны Өзбекстандын, Казакстандын жана Орусиянын жарандарынын ичинде катталды.

Ал эми КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген чет элдик жарандардын саны 74 миңден ашты жана өткөн жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,8 эсеге өстү. Чек араны кесип өтүүлөрдүн басымдуу бөлүгү Түркия, Алмания, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиянын жарандарына туура келди.

2022-жылдын 1-июлуна карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 100 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды. Катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 87 пайыздан ашыгы жеке ишкердик менен алектенишет. 

2022 жылдын январь- июнунда туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 10 млрд. сомдон ашыгыраак  же ИДПга карата 3,1 пайызды түздү.

________________________________________________________

Керектөө рыногу, МКТ, жана туризм статистикасы башкармалыгы тел.+996(312) 324 918

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 24.08.2022, 11:54