Улуттук статком мекемелер аралык Медиа-планды ишке ашыруу алкагында Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарынын (ТӨМ) мониторингинин жүрүшү боюнча маалымдады

Publications: 28.11.2019


2019-жылдын 26-ноябрында Улуттук статкомдун төрагасынын биринчи орунбасары Н. А. Чуйков МТРК ЭлТР телеканалындагы “Учур маселеси” көрсөтүүсүнө катышты. Көрсөтүүдө ал ТӨМ мониторингинин системасын түзүү алкагында Улуттук статком жүргүзүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.  

Телекөрсөтүүдө ТӨМдүн жетишкендиктеринин мониторингиндеги статистикалык органдардын ролу, ТӨМдүн мониторингинин жаңы улуттук платформасы жөнүндө, ошондой эле 2030-жылдын күн тартиби жана ага киргизилген көрсөткүчтөр жөнүндөгү маселелер боюнча да сөз болду. Мындан тышкары 2020-жылы өтө турган эл жана турак-жайды каттоонун кезектеги раунду тууралуу, каттоонун суроолорунун блогуна кирген жана ТӨМдүн мониторинги менен отчеттуулугун жакшыртууга багытталган суроолор (майып адамдар, турак-жай фонду, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, миграция жана башкалар) да талкууланды. Улуттук статкомдун башка мамлекеттик органдар жана кызыкдар адамдар менен ТӨМдүн мониторингинин алкагында, электрондук форматта иш алып баруусу боюнча да айтылды.

            *****

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жүрүү жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).

Толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу боюнча КР Улуттук статкомунун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дареги: Фрунзе көчөсү 374 (Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишет).

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747

 

Last updating: 28.11.2019, 16:01