Республикада көмүрдүн баасы октябрга салыштырмалуу дээрлик 10 пайызга жогорулады

Publications: 05.11.2021


Көмүрдүн чекене баалары республика боюнча 2021-жылдын 4 ноябрына карата үстүбүздөгү  жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда 10,4 пайызга жогорулап, бир тонна  5 720,5 сомду түздү.
Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 874,2 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 9 718,8 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 746,4 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн -  3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) Нарын жана Кара-Балта шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Кербен - тоннасы 1 423,9 сомго же  23,7 пайызга, Жалал-Абад – тоннасы 880,9 сомго же 15,0 пайызга, Талас – тоннасы 695,4 сомго же 12,2 пайызга жана Бишкек – тоннасы 654,6 сомго же 14,4 пайызга бир кыйла  өсүшү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында   көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары 2021 жылы
 (бир тонна, сом)

 

 

Октябрь

 

4-ноябрга

Четтөө:
Өсүү (+), төмөндөө (-)
(2021 ноябрынын
1 жумасы 2021-октябрына)

Кыргыз Республикасы

5 181,8

5 720,5

538,7

 Каракол ш.

6 113,4

6 962,4

849,0

 Балыкчы ш.

4 000,0

4 000,0

0,0

 Кербен ш.

5 999,2

7 423,1

1 423,9

 Токтогул ш.

6 062,2

5 947,1

-115,0

 Жалал- Абад ш.

5 857,8

6 738,7

880,9

 Чаек а., Жумгал району

3 000,0

3 000,0

0,0

 Нарын ш.

4 200,0

4 500,0

300,0

 Исфана ш.

8 365,0

8 746,4

381,4

 Баткен ш.

9 344,7

9 718,8

374,2

 Кара-Суу ш.

7 000,0

6 700,0

-300,0

 Ноокат ш.

9 794,9

9 874,2

79,3

 Өзген ш.

5 738,8

6 246,7

507,9

 Покровка а., Манас району

5 300,0

5 500,0

200,0

 Талас ш.

5 692,1

6 387,5

695,4

 Кара-Балта ш.

4 500,0

4 500,0

0,0

 Токмок ш.

4 598,9

4 695,7

96,8

 Бишкек ш.

4 558,5

5 213,1

654,6

 Ош ш.

6 763,5

6 798,0

34,5

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүргө) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.

_______________________________________________________________________________________
Баалар статистикасы бөлүмү  |e-mail: ceny@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 10.11.2021, 09:21