Айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери уланууда

Publications: 11.09.2020


Ушул жылдын 21-августуна карата дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз) 372,8 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,6 пайызга көп, бастырылган эгиндер  (алгачкы кабыл алынган салмакта) 1 007,8 миң тоннага, же 4,3 пайызга көп.

2020-жылдын 21-августуна карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

 

2019

         2020

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз), миң га

     363,4

          372,8

9,4

102,6

Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта) миң т

966,3

1 007,8

41,5

104,3

Анын ичинен:

 

 

 

 

    1 гектардан бастырылды, ц

       26,6

            27,0

0,4

101,5

         бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган   

         салмакта), миң т

     489,6

          504,0

14,4

102,9

         бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган 

         салмакта), миң т

     399,7

          423,1

23,4

105,9

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т

       0,64

    0,58

-0,06

90,6

Казылган картошка аянты, миң га

       1,98

1,97

-0,01

99,5

Жыйналган картошка, миң т

     317,1

316,9

-0,2

99,9

Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү, миң т

     584,6

602,6

18,0

103,1

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т

     198,7

207,7

9,0

104,5

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, миң т

     100,3

101,2

0,9

100,9

 

 

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республика боюнча арпанын дүң жыйымы 5,9 пайызга, анын ичинде Талас облусунунун чарбаларында – 49,2 пайызга, Баткен – 10,8 пайызга, Чүй – 7,9 пайызга, Жалал-Абад жана Ош облусунун чарбаларында  - 4,8 пайызга көбөйгөн.  

Буудайдын дүң жыйымы республика боюнча 2,9 пайызга өстү, анын ичинде Талас облусунунун чарбаларында - 27,3 пайызга, Баткенде - 10,1 пайызга, Чүйдө - 6,5 пайызга жана Ош облусунда - 3,7 пайызга өскөн.                                                                                                                             Бакча өсүмдүктөрүнүн өндүрүүсү жалпы республика боюнча 4,5 пайызга өстү, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында - 7,2 пайызга, Жалал-Абадда - 4,0 пайызга, Талас жана Ош облустарында - 2,7 пайызга өскөн.

Муну менен катар жашылча өсүмдүктөрүнүн өндүрүүсү республика боюнча 3,1 пайызга өстү, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында - 10,1 пайызга, Ысык-Көлдө - 6,2 пайызга, Баткенде - 5,2 пайызга жана Жалал-Абад облусунда - 2,2 пайызга өскөн.

 

 

 

 

____________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 11.09.2020, 16:29