Республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери уланууда

Publications: 11.09.2019


Ү.ж. 22-августуна карата дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз) 363,4 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,6 пайызга көп, бастырылган эгиндер  (алгачкы кабыл алынган салмакта) 966,3 миң тонна, же 2,1 пайызга көп.

2019-жылдын 22-августуна карата айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата

2018

2019

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз), миң га

361,2

363,4

2,2

100,6

Бастырылган дан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта) (дан буурчак өсүмдүктөрсүз, күрүчсүз жана гречкасыз), миң т

946,0

966,3

20,3

102,1

1 гектардан, ц

26,2

26,6

0,4

101,5

бастырылган буудай (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

514,8

489,6

-25,2

95,1

бастырылган арпа (алгачкы кабыл алынган салмакта), миң т

365,6

399,7

34,1

109,3

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т

1,5

0,6

-0,9

41,6

Казылган картошка аянты, миң га

2,1

2,0

0,1

94,6

Жыйналган картошка, миң т

333,2

317,1

-16,1

95,2

Жыйналган жашылча өсүмдүктөрү , миң т

559,7

584,6

24,9

104,5

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т

202,6

198,7

-3,9

98,0

Жыйналган мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, миң т

104,4

100,3

-4,1

96,1

Жалпы республика боюнча жашылча өсүмдүктөрүн өндүрүү 4,5 пайызга, анын ичинде Нарын облусунунун чарбаларында - 1,8 эсеге, Ысык-Көл - 15,5 пайызга, Талас - 9,0 пайызга жана Чүй облусунун чарбаларында - 7,0 пайызга өстү.

Ошол эле учурда, буудай өндүрүү ү.ж. 22-августуна карата 489,6 миң тоннаны түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 4,9 пайызга аз, анын ичинде  Ош облусунун чарбаларында - 13,0 пайызга, Талас - 12,9 пайызга, Жалал-Абад - 8,4 пайызга жана Чүй облусунун чарбаларында  - 2,7 пайызга азайган.

 

 
Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 11.09.2019, 16:14