Республикада кылмыштардын олуттуу өсүшү катталды

Publications: 28.07.2021


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматтары боюнча 2021-жылдын январь-июнда республиканын аймагында 23,5 миң кылмыш катталган, алардын саны 2020-ж. январь-июнуна салыштырганда 1,5 эсеге көбөйгөн, ошондой эле 12 миңге жакын жоруктар (дээрлик 30% көп) катталган. Ошол эле учурда, кылмыштардын басымдуу бөлүгү (алардын жалпы санынын 61%дан ашык) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Кылмыштардын жалпы санында 2 миңден ашыгы же 11,6% оор жана өзгөчө оор кылмыштарга туура келген. Бул кылмыштардын негизги бөлүгүн жеке менчикке каршы кылмыштар түзгөн. 2020-жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча алардын саны 1,6 эсеге, анын ичинде алдамчылык – 2,1 эсеге, уурдоо – 1,5 эсеге, тоноо – 24,5%га өстү.

Өткөн жылдын январь-июнунда салыштырмалуу жалпы республика боюнча инсанга каршы кылмыштардын саны дээрлик үчтөн бириге көбөйдү. Муну менен бирге, өлтүрүүнүн саны - 26%га, зордуктоо жана зордуктоо максатында кол салуу учурларынын саны - 34%га, ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү – 6%га көбөйдү. 

Үстүбүздөгү жылдын жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу 36%га, ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же чыгымдоо учурлары - 2,2 эсеге жана паракорлук – 1,4 эсеге өстү.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны олуттуу (23%га) көбөйдү. Ушундай кылмыштардын эң чоң үлүшү (57%дан ашыгы) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 40%га жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.

Кылмыштардын санынын эң көбү Ысык-Көл облусунда (2,4 эсеге), Ош шаарында (1,7 эсеге), Ош облусунда (1,5 эсеге) жана Бишкек шаарында (1,4 эсеге) өсүшү белгиленди.

Январь-июндагы катталган кылмыштардын аймактар боюнча саны

 

Бардык-учурлар

Мурунку жылдын тийиштүү

 мезгилине карата пайыз менен

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

16 036

23 493

50,0

146,5

 Баткен облусу

573

734

75,8

128,1

 Жалал-Абад облусу

1 284

1 699

67,0

132,3

 Ысык-Көл облусу

872

2 055

50,9

235,7

 Нарын облусу

442

570

59,4

129,0

 Ош облусу

1 284

1 877

74,0

146,2

 Талас облусу

414

584

87,7

141,1

 Чүй облусу

3 123

4 286

47,1

137,2

 Бишкек ш.

7 150

10 140

44,4

141,8

 Ош ш.

892

1 546

46,5

173,3

Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыкта кылмыш жасаган 13 миңден ашык адам аныкталды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,6%га көп. Алардын жалпы санынын 17%га жакыны - аялдар, 5%га жакыны - жашы жете электер түздү, жана кылмыш жасаган адамдардын санынан 54%га жакыны эч жерде иштеген эмес же окуган эмес.

 

______ ___________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Last updating: 28.07.2021, 14:44