Республикада кылмыштардын саны төмөндөшү катталды

Publications: 04.08.2022


Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-июнунда республиканын аймагында 23,3 миң кылмыш катталган, алардын саны 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 0,7%га төмөндөгөн. Мында кылмыштардын басымдуу саны (алардын жалпы санынын 63%дан ашыгы) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны дээрлик 30%га төмөндөдү.

Кылмыштардын негизги бөлүгү (73%дан ашыгы) жеке менчикке каршы кылмыштар болду. 2021-жылдын январь – июнь айларына салыштырмалуу алардын саны республика боюнча дээрлик 12%га өстү, бул негизинен уурулуктун 1,4 эсеге, каракчылыктын - 15%га жана тоноонун 5% көбөйүшү менен шартталган. Муну менен бирге, опузалап талап кылуу 2,5 эсеге жана алдамчылык фактыларынын саны– дээрлик 24% азайганы катталды.

Жалпы республика боюнча жеке адамга каршы кылмыштардын саны өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйдү. Муну менен катар зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу 1,9 эсеге, ден соолукка оор зыян келтирүү – 4,4%га жана киши өлтүрүү учурларынын саны - 2,1%га төмөндөдү. 

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын санынын дээрлик 23%га көбөйгөн. Мындай кылмыштардын эң чоң үлүшү (62%га жакыны) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 32%га жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.

2022-жылдын январь-июнунда коомдук жайларда жасалган бир миңден ашык кылмыш иши катталды, алардын ичинен эң көп саны уурулук (39%), ээнбаштык (17%) жана тоноо (9%) учурларына туура келди.

Кылмыштардын санынын кыйла төмөндөшү Ысык-Көл (33,7%), Талас (24,1%) жана Ош (18,4%) облустарында белгиленди.

Январь-июнунда катталган кылмыштардын аймактар боюнча саны

 

Бардык-учурлар

Мурунку жылдын тийиштүү

 мезгилине карата пайыз менен

2021

2022

2021

2022

Кыргыз Республикасы

23 493

23 334

146,5

99,3

 Баткен облусу

734

777

128,1

105,9

 Жалал-Абад облусу

1 699

1 806

132,3

106,3

 Ысык-Көл облусу

2 055

1 363

235,7

66,3

 Нарын облусу

570

513

129,0

90,0

 Ош облусу

1 877

1 532

146,2

81,6

 Талас облусу

584

443

141,1

75,9

 Чүй облусу

4 286

4 915

137,2

114,7

 Бишкек ш.

10 140

9 979

141,8

98,4

 Ош ш.

1 546

1 994

173,3

129,0

Үстүбүздөгү 1-жарым жылдыгында кылмыш жасаган 10,4 миңден ашык адам аныкталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 22%га аз. Алардын жалпы санынын ичинен аялдар 14%га жакын, жашы жете электер 9%га жакын, ал эми кылмыш жасаган адамдардын жарымынан көбү эч жерде иштеген эмес жана окуган эмес.

_______________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 32 46 52

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 05.08.2022, 09:11