2021-жылдын январь айында өлкөнүн экономикасы 7,6 пайызга төмөндөдү

Publications: 10.02.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 10-февралында, Улутстакомдо 2021-жылдын январь айына карата республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйын болуп өттү.

2021-жылдын январь айында ички дүң продукт, алдын ала баалоо боюнча, 33 миллиард сомдон ашып,  2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөндөдү.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2021-жылдын январь айында ИДПнын көлөмү 30 миллиард сомго жакындап, 4,5 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январында 22 миллиард сомго жакындады жана өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 9,5 пайызга төмөндөдү, буга темир жана темирден жазалган буюмдардын кыскарышы себеп болду (32,8 пайызга), буга машина менен жабдуулар кирбейт. Мындан тышкары  текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдары (25,5 пайызга), күйүүчү майдын көлөмү (6,0 пайызга), фармацевтикалык продукция (3,3 пайызга), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (21,0 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 22,5 пайызга жакын төмөндөдү,  дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 12,0 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,9 пайызга өстү.

2021-жылдын январь айында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 1,0 пайызды түздү. Мунун ичинен тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 1,7 пайызга өстү, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиге болгон баалар 0,7 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 0,4 пайызга өстү. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 0,1 пайызга төмөндөгөнү байкалат.  

Керектөө баалар жана тарифтер баарынан да Нарын менен Баткен облустарында 1,5 пайызга жогору экени аныкталды.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, алдын ала маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын январь-декабрь айларында 5,6 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 19,0 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,1 пайызга төмөндөп, импорттук келип түшүүлөр 26,2 пайызга кыскарды. 

2020-жылдын январь-декабрында республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү  2,4 млрд АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 12,5 пайызга азайган.

Мында экспорттук жөнөтүүлөр – 14,9 пайызга, импорттук келип түшүүлөр - 11,7 пайызга төмөндөдү. Республиканын  ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64,9 пайызы) жана Казакстанга (33,1 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

 

Импорт                                                                                                    Экспорт

 


Last updating: 10.02.2021, 12:51