Ушул жылдын январь-июлундагы ички дүң продуктунун өсүү тенденциясы сакталды

Publications: 11.08.2022


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-июлунда өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 7,7% жогорулоо менен 425 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 393 млрд. жакын сомду түздү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,7% көбөйдү.  

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана тейлөө секторлору тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 12,9% өскөн болсо, 2021-жылдын январь-июлунда тескерисинче 8,9% төмөндөшү байкалган. Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2021-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 3,5% өстү (2021-жылдын январь-июлунда 5,4% өскөн).

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (46,7%) кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келди, бул өткөн жылдын январь-июлуна салыштырмалуу 0,5 пайыздык пунктка азайган, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү ушул аралыкта 0,9 пайыздык пунктка  төмөндөп, 36,9% түздү. Муну менен, өнөр жайдын үлүшү 20,0% түздү, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 0,7 пайыздык пунктка жогорулады, ал эми айыл чарбасынын үлүшү 11,6 % түздү жана тескерисинче 0,9 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2022-жылдын январь-июлундагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

 

                     2021                2022                

ИДП

425 182,6

107,7

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

156 864,8

112,9

37,8

36,9

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

49 245,1

108,4

12,5

11,6

Өнөр жай

84 892,1

118,7

19,3

20,0

Пайдалуу кендерди казуу

10 840,0

108,1

1,7

2,5

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

60 278,8

126,2

13,9

14,2

 Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

12 585,2

95,9

3,3

3,0

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 188,1

90,0

0,4

0,3

Курулуш

22 727,6

103,6

6,0

5,3

Кызмат көрсөтүү тармактары

198 559,1

103,5

47,2

46,7

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

61 592,6

104,8

14,8

14,5

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

18 015,2

115,0

4,3

4,2

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

3 907,5

114,7

0,9

0,9

Маалымат жана байланыш

11 301,6

103,1

3,2

2,7

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

103 742,2

100,3

24,0

24,4

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

69 758,7

107,7

15,0

16,4

__________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 11.08.2022, 16:40