Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ата мекендик өндүрүштүн көлөмүнүн өсүүсү белгиленди

Publications: 13.07.2021


Бүгүн, 13-июлда Улутстаткомдо 2021-жылдын январ-июнунда республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйыны болуп өттү.

2021-жылдын январь-июнь айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 271 миллиардга жакын сомду түздү жана 2020-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,7  пайызга төмөндөдү.

«Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2021-жылдын январь-июнь айларында ИДПнын көлөмү 242 миллиарддан ашык сомду түзүп, 3,7 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-июнь  айларында 154 миллиард сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 10,6 пайызга төмөндөдү, буга себеп фармацевтикалык продукциялар (36,5 пайызга), негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарынын, ошондой эле химиялык продукциясынын (31,2 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалдыанын көлөмү – 14,2 пайызга жакын төмөндөдү, ал эми айыл чарбасында, тескерисинче, көлөмдүн 1,3 пайызга, дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн 11,0 пайызга өсүүсү байкалды.

2021-жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 7,3 пайызды түздү. Мында тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 11,0 пайызга, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиге болгон баалар 7,7 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 4,1  пайызга өстү. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,2 пайызга төмөндөгөнү байкалды.  

Ушул мезгилдин ичинде эң чоң өсүш картошкага болгон баанын кескин өсүшү 1,7 эсеге, жаңы жер-жемиштер 32,1 пайызга, тамак аш майлары 22,8 пайызга, кумшекер 22,5 пайызга, жаңы бышкан мөмө жемиштер 18,8 пайызга, гречка азыктары 18,4 пайызга, кой эти 17,8 пайызга, балык 7,7 пайызга, уй эти 5,9 пайызга, алкоголсуз суусундуктар 4,5 пайызга жогорулаган.

2021-жылдын январь-июнь айларында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы (9,7 пайызга) байкалды. Анын ичинен Баткен облусунда 15,3  пайызга тамак-аш азыктары менен суусундуктарга болгон баа жогору экени аныкталды.

2021-жылдын январь-майында Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,8 млрд АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 27,7 пайызга жогорулады, ушул эле учурда экспорттук жѳнѳтүүлөр 4,4 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр  40,5 пайызга жогорулады.

2021-жылдын январь-майында Республиканын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 1,3 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 34,8 пайызга жогорулады. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 75 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 24 пайызга жогорулаган.

Республиканын  Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (64 пайызы) жана Казакстанга (34,3 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

Презентациялар: 

2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын демографиялык кырдаалы

Об итогах учета посевных площадей сельскохозяйственных культур и использовании пашни под урожай 2021г.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы калктын кедейчилик деңгээли

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Last updating: 13.07.2021, 14:22