2017-жылдын январь-ноябрындагы калктын табигый өсүүсү 109,9 миң адамды түздү

Publications: 31.01.2018


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтары боюнча 2017-жылдын январь-ноябрында ЖААК органдарында 140,0 миң жаңы төрөлгөндөр же калктын 1000ине алганда 24,7 (2016-жылдын январь-ноябрында – 26,0), 30,1 миң өлгөндөр же калктын 1000ине алганда 5,3 (2016-жылдын январь-ноябрында - 5,4) катталды. Натыйжада калктын табигый өсүүсү 109,9 миң адамды же калктын 1000ине 19,4 адамды (2016-жылдын январь-ноябрында - 20,6) түздү.

Калктын табигый өсүүсүнүн эң жогорку деңгээли 2017-ж. январь-ноябрында Баткен жана Ош облустарында (калктын 1000ине 22-23 адам) белгиленди.

 

Статистикалык каттоолор жана демографиялык статистика башкармалыгы

|e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 31.01.2018, 17:05