Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жарымынан көбү эмгек акыны жана социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө багытталды

Publications: 15.11.2021


Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маалыматтары боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 айында мамлекеттик бюджет 3,7 млрд. сом суммасында профицит менен түзүлдү, ал эми өткөн жылдын тиешелүү мезгилинде 15,6 млрд. сом өлчөмүндө тартыштык катталган.
Жалпы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 145 млрд. ашык сомду түздү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырганда 43 млрд. сомго көп.
Мында салыктык кирешелер 107 млрд. сом суммасында аныкталды, бул өткөн жылга караганда 34 млрд. сомго көп, ал эми салыктык эмес түшүүлөр 32 млрд. сомду (дээрлик 10 млрд. сомго көп) түздү.  
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында жалпы мамлекеттик бюджеттин чыгымдары 23 млрд. сомго көбөйүп 142 млрд. сомго жакын түздү.
Жылдын башынан бери мамлекеттик бюджеттин негизги каражаттары эмгек акыны төлөөгө (52 млрд. сомго жакын же жалпы чыгымдарынын 36%) жана социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө (26 млрд. ашык же 18%), ошондой эле финансылык эмес активдерди сатып алууга (25 млрд. же 17%), товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана пайдаланууга (16 млрд. сом же 11%) багытталды. Мындан тышкары, гранттарга 11 млрд. сом же 8%, пайыздарды төлөөгө - 7 млрд. жакын (же дээрлик 5%), субсидияларды берүүгө - 4 млрд. ашык (же 3%), башка чыгымдарга - 0,5 млрд. сому (же 0,3%) багытталды.
Жылдын башынан бери өткөн жылга караганда эмгек акыны төлөөгө 7 млрд. сомго көп каражат багытталды, субсидияларды берүүгө - 1,7 млрд., социалдык жөлөкпулдарды төлөөгө - 1,5 млрд., дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга - 1,4 млрд., гранттарга - 1,4 млрд. жана пайыздарды төлөөгө - 1,3 млрд. сомго көп каражаттар багытталды.
____________________________
Финансы статистикасы бөлүмү|e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312)  624209, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 15.11.2021, 11:40