2018-жылда регионалдык дүң продукт (РДП)

Publications: 24.12.2019


2018-жылы жалпы республика боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 569 млрд. ашык сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү.

2018-жылы регионалдык дүң продуктунун эң жогорку өсүүсү Чүй облусунда (12,7 пайыз), Баткен облусунда (5,5 пайыз) жана Талас облусунда (4,4 пайыз) жетишилди, ал эми анын төмөндөгөнү Нарын облусунда (3,5 пайызга) байкалды.

Регионалдык дүң  продуктунун өзгөрүшү

 

Графикте көрүнүп тургандай, 2018-жылы регионалдык дүң продуктунун анын жалпы көлөмүндөгү үлүшүнүн өткөн жылга салыштырмалуу Бишкек.ш., Ош облусунда жана Жалал-Абад облусунда көбөйгөнү белгиленди, ушул эле убакта ал Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында төмөндөдү.

Регионалдык дүң продукт
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

2017-ж.                                                                       2018-ж.   

 

  

                      А.   Ош ш.                                 D.   Ысык-Көл облусу                 G.   Талас облусу

                     В.   Баткен облусу                     E.   Нарын облусу                       H.   Чүй облусу

                     C.   Жалал-Абад облусу            F.   Ош облусу                             I.    Бишкек

2018-жылы жалпы республика боюнча ички дүң продуктунун көлөмү киши башына 94 миңге жакын сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга  көбөйдү. Бул көрсөткүч Бишкек ш. (2,3 эсеге же 220,2 миң сом), Ысык-Көл облусунда (1,5 эсеге же 142,1 миң сом), Ош ш. (1,2 эсеге же 115,9 миң сом) республикалык деңгээлден жогору түзүлдү, ал эми Чүй облусунда ал 3,6 пайызга төмөн болду же  90,4 миң сомду түздү.  

Киши башына регионалдык дүң продукт
(учурдагы бааларда, млн. сом)

 

 

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 24.12.2019, 16:01