Ички дүң продукт 4,9 пайызга өстү

Publications: 12.03.2019


2019-жылдын январ-февралында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 63 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2019-жылдын январ-февралында, ички дүң продуктунун көлөмү 56 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир пайызга пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январ-февралында 38 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 12,2 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү металл рудаларын казып алуунун (2,6 эсеге пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (43,7 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (23,2 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (36,9 пайызга) жана кийимдерди (24,1 пайызга) өндүрүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта өсүү 0,7 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 3,8 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Керектөө чөйрөсүндө 2019-жылдын январ-февралында инфляциянын деңгээли 0,2 пайызды түздү, 2018-жылдын январ-февралында бул көрсөткүч 1,4 пайызды түзгөн.

2019-жылдын февралында мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, баалардын керектөө товарларына жана кызматтарга жогорулоосу, Ош облусу жана Ош шаарынан башка,  республиканын бардык аймактарында байкалды. Баалардын эң көп жогорулоосу Нарын облусунда, башка облустарга салыштырмалуу, азык түлүк продуктыларына жана алкоголсуз суусундуктарга (1,5 пайызга) байкалган. Алкоголдук ичимдиктер жана тамеки заттары жыл башынан бери Ысык-Көл облусунда (4,4 пайызга) жана Талас облусунда (1,8 пайызга) кымбаттаган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги, алдын ала маалыматтар боюнча 2019-жылдын январында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 457 миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январына салыштырмалуу 8,4 пайызга төмөндөгөн. Ошону менен бирге, импорттук  келип түшүүлөр 6,4 пайызга, ал эми экспорттук коюулар 15,4 пайызга кыскарган.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен, 2019-жылдын январында өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү 147,0  миллион АКШ долларын түзүп, 2018-жылдын январына салыштырмалуу  4,1 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 6,7 пайызга, ал эми импорт 3,3 пайызга төмөндөгөн.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 60,4  пайызды жана Казахстан менен 38,0  пайызды түзгөн.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

              Импорт                                                                                               Экспорт

Мындан тышкары, пресс-конференциянын катышуучуларына, Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында 25-марттан 3-апрелге чейин Эл жана турак жай фондун сынамык каттоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү жөнүндө жана 2018-жылдагы Кыргыз Республикасында айыл-чарба продукцияларын өндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар берилди.

Презентациялар:

****

Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму өлкөдөгү маанилүү маалыматтык тутумдардын бири катары базар экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык,  кономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө статистикалык байкоо, иштеп чыгуу жана статистикалык маалыматтарды таратуунун жаңы методдоруна негизделген, эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайыктуу маалыматтар менен камсыз кылат.

Кененирээк маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз катчысына кайрылыңыз:

тел.: + 996 (312) 625 747

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Дареги: Фрунзе көч.: 374 (Т. Молдо көчөсү кесилишет).

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747

 


Last updating: 12.03.2019, 14:32