2021-жылдын январындагы ички дүӊ продукт

Publications: 10.02.2021


Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январында, алдын-ала баалоо боюнча, өткөн жылдын январына салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөндөө менен 33 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 30 млрд. сомго жакын өлчөмдө түзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 пайызга төмөндөдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январына салыштырмалуу  9,3 пайызга төмөндөдү, ал эми 2020-жылдын январь айында алардын 1,4 пайызга өсүшү байкалган. Ушуга жараша, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 6,3 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь айында – 1,6 пайызга өсүү болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь айында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (48,8 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 0,9 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 0,9 пайыздык пунктка көбөйдү жана 37,7 пайызды түздү. Өнөр жайдын үлүшү 26,5 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,3 пайыздык пунктка жогору, айыл чарбасынын үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 9,0 жана 1,3 пайыздык пунктка жогору болду, ал эми ушул эле учурда курулуштун үлүшү, тескерисинче, 2,2 пайызды түзүү менен 0,7 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2021-жылдын январында экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

ИДП

33 205,6

92,4

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

12 503,2

90,7

36,8

37,7

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

2 972,6

100,9

7,7

9,0

балык уулоочулук

Өнөр жай

8 789,9

89,2

26,2

26,5

Пайдалуу кендерди казуу

791,3

79,0

2,9

2,4

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

5 818,6

84,3

17,3

17,5

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

2 041,2

106,6

5,7

6,2

Суу менен жабдуу, тазалоо,

138,8

140,8

0,3

0,4

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

740,7

77,5

2,9

2,2

Кызмат көрсөтүү тармактары

16 214,4

93,7

49,7

48,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

5 030,8

86,8

16,0

15,1

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

1 869,9

87,9

5,4

5,6

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

347,6

65,2

1,4

1,0

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

1 077,3

97,5

3,3

3,3

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

7 888,8

100,9

23,6

23,8

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

4 488,0

92,4

13,5

13,5

 

________________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 10.02.2021, 14:29