2021-жылдын январь-июнундагы ички дүӊ продукт

Publications: 13.07.2021


Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,7 пайызга төмөндөө менен 271 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 242 млрд. ашык сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,7 пайызга көбөйгөн.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өнөр жайда жана курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу  9,1 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-июнунда 1,1 пайызга төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 4,4 пайызга көбөйдү (2020-жылдын январь-июнунда 9,1 пайызга төмөндөѳ болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (47,8 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 0,7 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 3,4 пайыздык пунктка кыскарды жана 37,2 пайызды түздү. ИДП түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 22,7 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 4,7 пайызга жана 1,4 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 9,8 пайызды түзүү менен 0,5 пайыздык пунктка көбөйдү.

2021-жылдын январь-июнунда экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

ИДП

270 744,0

98,3

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

100 916,3

90,9

40,6

37,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

26 470,9

101,3

9,3

9,8

балык уулоочулук

Өнөр жай

61 644,9

88,3

25,2

22,7

Пайдалуу кендерди казуу

6 267,0

102,1

1,9

2,3

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

46 802,3

83,8

20,1

17,3

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

7 649,1

106,1

2,9

2,8

Суу менен жабдуу, тазалоо,

926,5

144,3

0,3

0,3

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

12 800,5

85,8

6,1

4,7

Кызмат көрсөтүү тармактары

129 259,2

104,4

48,5

47,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

40 178,0

110,0

13,4

14,9

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

10 819,4

119,2

3,1

4,0

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

2 173,9

94,3

0,8

0,8

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

7 782,8

104,0

3,1

2,9

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

68 305,1

100,5

28,1

25,2

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

40 568,5

98,3

10,9

15,0

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 13.07.2021, 14:29