Ички дүң продукт 6,4 пайызга жогорулады

Publications: 12.02.2019


2019-жылдын январында ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоолор боюнча, 30 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 6,4 пайызга жогорулады.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продуктунун көлөмү 27 миллиард сомго жакынды түзүп, 1,9 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2019-жылдын январында 19 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 15,7 пайызга жогорулады. Өнөр жай продукциясынын өсүшү металл рудаларын казып алуунун (2,4 пайызга), көмүрдү өндүрүүнүн (46,0 пайызга), мунайзат жана жаратылыш газынын (20,3 пайызга), негизги металлдарды өндүрүүнүн (44,5 пайызга), ошондой эле суусундуктарды, кийимдерди, жыгач иштетүүнүн өсүшүнүн эсебинен камсыздалды.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 1,7 пайызды, курулушта өсүү 0,9 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 3,6 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Керектөө чөйрөсүндө 2019-жылдын январында инфляциянын деңгээли 0,4 пайызды түздү, 2018-жылдын январында бул көрсөткүч 0,6 пайызды түзгөн.

2019-жылдын январында мурдагы жылдын декабрына салыштырмалуу, баалардын жана тарифтердин төмөндөөсү Талас облусунда (0,1 пайызга), Ысык-Көл облусунда мурунку айдын деңгээлинде сакталып,  алардын эң көп жогорулоосу Жалал-Абад облусунда (0,6 пайызга) байкалган.

Республиканын тышкы соода ишмердиги негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү. Маселен, алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдын январ-декабрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын январ-декабрына салыштырмалуу 6,6 пайызга жогорулады. Ошону менен бирге, импорттук  келип түшүүлөр 9,2 пайызга жогорулаган, ал эми экспорттук коюулар 2017-жылдын январ-декабрынын деңгээлинде белгиленген.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен республиканын тышкы соода жүгүртүүсү жөнүндө айта кетсек, 2018-жылдын январь-декабрында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2,3  миллиард АКШ долларын түзүп,  2,5 пайызга төмөндөгөн. Анын ичинде, экспорт 5,0 пайызга жогорулаган, ал эми импорт  4,7 пайызга кыскарган.

ЕАЭС мүчө-мамлекеттер менен республиканын соода жүгүртүүсүндө эң чоң үлүштөр Россия менен 66,3  пайызды жана Казахстан менен 32  пайызды түзгөн.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен Кыргыз Республикасынын өз ара соодасы
(өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, пайыздарда)

              Импорт                                                                                               Экспорт

2018-жылдын январ-декабрында орточо айлык акы (кичи ишканаларды эспке албаганда) 16 218 сомду түзүп, курулуш ишканаларында, маалымат жана байланыш, мамлекеттик башкаруу жана коргоо,  милдеттүү социалдык камсыздоо жана соода тармактарында жогорулаган. Мунун ичинде бюджеттик эмес чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акысынын өлчөмү, бюджеттик кызматкерлердин айлык акысынан 1,8 эсеге жогорулаган.

            Мындан тышкары, пресс-конфренциянын жүрүшүндө 2018-жылдын аягына малсанак жыйынтыктары жана билим берүү тармагындагы тенденциялар жөнүндө маалыматтар берилди.

Презентациялар:

****

Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму өлкөдөгү маанилүү маалыматтык тутумдардын бири катары базар экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык,  кономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө статистикалык байкоо, иштеп чыгуу жана статистикалык маалыматтарды таратуунун жаңы методдоруна негизделген, эл аралык эрежелерге жана стандарттарга ылайыктуу маалыматтар менен камсыз кылат.

Биз байланыштабыз:

www.stat.kg   

Facebook

тел.625747


 


Last updating: 13.02.2019, 15:12