2016 Agricultural Census preparation issues were considered during the Round table meeting organized by the National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic jointly with UN Food and Agriculture Organization (FAO).

Publications: 06.07.2015


БУУнун (ФАО) азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын агрардык өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы А.Ж. Жээналиев, БУУ ФАОнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Доржи Кинлай, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри Т.А. Айдаралиев, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Д.Ш. Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-секретары С.И. Икрамов, Кыргыз Республикасынын МККга караштуу кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укукту каттоо департаментинин орун басары К.А. Байтелешев, Казакстан жана Түркия элчилигинин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ФАОнун консультанттары Олег Кара жана Георгий Квиникадзе катышышты.

Талкуунун жүрүшүндө өнөктөр жана донордук уюмдардын өкүлдөрү бул иш-чарага өзүнүн катышуусунун негизги багытын талкуулашты.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын агрардык өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы А.Ж. Жээналиев өзүнүн чыгып сүйлөөсүндө республикадагы агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын иштеп чыгуу үчүн зарыл статистикалык маалыматтарды алууга мумкүн болгон айыл чарба каттоосун өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

 

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри
Т.А. Айдаралиевдин чыгып сүйлөөсүндө ошондой эле республиканын евразиялык биримдикке кирүүсү менен байланыштуу айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн объективдүү эсеби үчүн боло турган айыл чарба каттоосунун маанилүүлүгү белгиленди.

 

БУУ ФАОнун өкүлү Доржи Кинлай өз кезегинде чогулгандарга каттоону жүргүзүүдө техникалык жардамдын бөлүнүшү жөнүндө маалымдады. “Кыргызстандын бул чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрү абдан көп жана биз орто азиялык мамлекеттердин ичинен бир топ жакшы позицияларды ээлейбиз. Кыргыз Республикасы айыл чарба продуктуларын өндүрүү боюнча мыкты мамлекеттердин бири болуп саналат” - деп айтты.

 

Мындан ары ФАОнун эл аралык консультанты Олег Кара отурумдун катышуучуларына каттоону өткөрүүгө кеткен чыгымдардын конкреттүү беренелери аныкталган Улутстаткомдун адистери менен биргеликте иштелип чыккан “Кыргыз Республикасында 2016-жылдагы айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча долбоордук документти” көрсөттү.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасы А.Ш. Осмоналиев жыйынтыктап жатып чогулгандардын айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча долбоордук документти талкуулоого колдоо көрсөткөндөрү жана катышкандары үчүн ыраазычылыгын билдирди. Айылды экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүнү тездетүүгө багытталган натыйжалуу агрардык өнөр жай саясатын иштеп чыгуу, айыл эмгекчилеринин жашоосунун сапатын жакшыртуу үчүн, өлкөнүн азык-түлүк жана экономикалык коопсуздугуна олуттуу таасир эткен өлкөнүн азык-түлүктүк комплексинин абалы жөнүндө толук маалыматтарды түзүү үчүн алынган айыл чарба каттоосунун жыйынтыгы чоң мааниге ээ экенин белгилеп өттү.

 

_________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор

бөлүмү         |e-mail:aigul_jalyl@mail.ru;                 |тел. + 996 (312) 664211

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын
17-беренеси). 


Last updating: 08.07.2015, 18:22