ПРЕСС АНОНС: Улутстаткомдун өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен жолугушууусу

Publications: 23.09.2019


Эртең, 24-сентябрда ПАРИС21 жана БУУ-Аялдар долбоорлорунун эксперттеринин КР Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөрүлөт. Анда ПАРИС21 долбоорунун ишмердиги тууралуу маалымат берилет.

Кыска маалымат: ПАРИС21 консорциуму (21-кылымдагы статистика тармагындагы өнүгүү боюнча өнөктөштүк) 1999-жылы БУУ, Европа комиссиясы, ОЭСР, ЭВФ жана ДБ тарабынан негизделген. Өнөктөштүктүн стратегиялык багыты жана ПАРИС21 Катчылыгынын жалпы программасынын ишин ПАРИС21 кеңеши аныктайт. Ал дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан бардык региондорунан 50 өкүл, эл аралык донорлор жана эл аралык уюмдарды камтыйт.  

Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун максаты – ПАРИС21 демилегелеринин бет ачаарын өткөрүү. Кыргыз Республикасы 2018-жылдан тарта ПАРИС 21 кеңешинин мүчөсү.

Ал эми 25-сентябрда Улутстаткомдун кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын министрликтери менен мекемелердин өкүлдөрү үчүн АДАПТ инструментин киргизүү боюнча техникалык семинар өткөрүлөт. Бул инструмент ЦУР көрсөткүчтөрүн мониторинг жасоо үчүн, улуттук статистикалык мекемелерге жана статистикалык маалыматтарды жыйноочу башка органдарга статистикалык өнүгүүнү пландоо, улуттук стратегияларды жана тармактык программаларды пландоону ишке ашырууга жардам берет.

Өтө турган убактысы:    2019-жылдын 24-сентябры. Саат 11.00дөн 12.00 чейин

Өтө турган жери: Бишкек шаары. “Рамада” отели. Дареги: Исанов көчөсү 37.

Катышуучулар: ПАРИС21, БУУнун аймактык офистеринин өкүлдөрү, Улутстаткомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү.

Дагы толук маалымат алуу жана интервью уюштуруу үчүн басма сөз кызматына кайрылсаңыздар болот. тел.625747, e-mail: smi_nsi@stat.kg

Катышууну билдирүү үчүн e-mail: smi_nsi@stat.kg ; жазгыла.

****

КР Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн бирден бир маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары рынок доорунун заманнбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республикадагы социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абал боюнча зарыл болгон маалыматтар менен камсыз кылып турат. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында таратууда, кагаз, магниттик алып жүрүүлөрдө жана башка маалымат алып жабдыктарында колдонуучулар статистикалык маалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. («Мамлекеттик статистика жөнүндөгү» мыйзамдын 17-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел. 625747


Last updating: 23.09.2019, 16:23