“Кыргыз Республикасынын статистикалык жыйнагы” басылып чыкты

Publications: 24.02.2020


 

 “Кыргыз Республикасынын 2014-2018-жж статистикалык жыйнагы” басылып чыгып, ал  республиканын экономикалык жана социалдык абалында болуп жаткан кубулуштарды жана процесстерди чагылдырган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин бир жылдык толук басылмасы болуп саналат.

Мамлекеттик статистика органдары ишканалардан, уюмдардан, калктан алынган маалыматтардын, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун маалыматтарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын материалдарынын негизинде жыйнакты даярдады.

Басылмада социалдык-экономикалык мүнөздөмөлөрү жөнүндө маалымат, мамлекеттик түзүлүшү, республиканын жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрө жөнүндө маалымат чагылдырылды.

Жыйнакта келтирилген улуттук эсеп системасынын көрсөткүчтөрү кыргыз экономикасынын макроэкономикалык кырдаалдарын мүнөздөйт. Бөлүмдөрдүн бири чарба жүргүзүүчү субъектилеринин жалпы мүнөздөмөсүн, чакан ишкерчилик жөнүндө, чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги жана менчиктештирүү тууралуу маалыматтарды камтыйт. Жыйнакта экономикалык ишмердиктин айрым түрлөрүнүн - өнөр жай, айыл чарба, соода, транспорт, байланыш жана башка тармактардын көрсөткүчтөргө маанилүү орун бөлүндү. Ишканалардын финансылык жагдайы, инвестициялар, баалар жана тарифтер жөнүндө маалыматтар берилди.

Тышкы сооданын көлөмү, экспорттун жана импорттун түзүлүшү жөнүндө маалыматтар тышкы экономикалык ишмердикке арналган бөлүмдө чагылдырылды.

Кыргыз Республикасынын экономикасындагы жана социалдык чөйрөсүндөгү өнүгүүнүн айрым маселелери боюнча толук маалыматтар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун башка расмий статистикалык басылмаларында жарыяланды, алардын тизмеси ушул жыйнактын аягында көрсөтүлдү.

Дагы толук маалымат алуу үчүн басма сөз кызматына кайрылсаңыздар болот: тел.625747, e-mail: smi_nsc@stat.kg

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Улутстатком Фейсбукта |

тел.625747 |

 

Last updating: 24.02.2020, 15:07