2014-2018-жылдардагы “Кыргыз Республикасынын демографиялык жылдык жыйнагы” басылып чыкты

Publications: 30.09.2019


Жыйнак 2014-2018-жылдарда өлкөдөгү демографиялык абалды мүнөздөөчү маалыматтарды камтыйт.

Басылмада республиканын заманбап административдик-аймактык түзүлүшү, калктын санынын, жыныстык-курактык жана улуттук курамынын өзгөрүшү, анын аймактар боюнча жайгашышы, төрөт жана өлүм, калктын өлүмүнүн себептери, никелешүү жана ажырашуу, миграция процесстери жөнүндө маалыматтар берилди.

Ушул статистикалык жыйнакты алууну каалаган жактарды Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг жана колдонуучулар менен иштөө бөлүмүнүн кызматына кайрылуусун өтүнөбүз. (+996 (312) 32-47-03).

___________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү: e-mail: gabdullaeva@stat.kg  тел. + 996 (312) 324636, 325546.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).


Last updating: 30.09.2019, 15:57