“Жумуштуулук жана жумушсуздук” статистикалык жыйнагы басууга даярдалды

Publications: 29.10.2021


Кененирээк…
Басылмада жумушчу күчүнүн (иш менен камсыз болгондор жана жумушсуздар) өлчөмү жана курамы, жумушчу күчүнүн катышуусунун деңгээли, иш менен камсыз болуу жана жумушсуздук, ошондой эле 19-Эл аралык Эмгек конференциясы тарабынан статистикалык практикага киргизүү сунуш кылынган жаңы көрсөткүчтөр жөнүндө маалыматтар берилген, потенциалдуу жумушчу күчү, жалпы жумушсуздуктун деңгээли жана потенциалдуу жумушчу күчү сыяктуу жумушчу күчүнүн жетишсиз пайдаланылышын мүнөздөйт.
Калктын эмгек ишмердигине катышуусу жөнүндөгү маалыматтар өзүнүн керектөөсү үчүн товарларды чыгаруу боюнча жарыяланат.
Басылманын биринчи бөлүгүндө 2011-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун динамикасынын негизги көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар берилген.
Басылманын экинчи бөлүгүндө 2020-жылга жумушчу күчүнүн өлчөмү жана курамы, иш менен камсыз болгондор, жумушсуздар, потенциалдуу жумушчу күчтөр, жумушчу эмес күчтөр жөнүндө толук маалыматтарды камтыйт.
Өзүнчө бөлүмдөр жумуш убактысын, формалдуу эмес сектордогу иш менен камсыз кылуу, 15-28 жаштагы жаштардын эмгек рыногундагы кырдаалы, калктын эмгек ишмердүүлүгүнүн башка түрлөрүнө катышуусун мүнөздөгөн маалыматтарды берет.
Статистикалык маалыматтарга кыскача усулдук түшүндүрмөлөр келтирилген.
Бул басылманы сатып алууну каалагандар үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Маркетинг жана ИМБ колдонуучулар менен иштөө бөлүмүнө кайрылууну сунуштайбыз.
___________________________________________________________
Эмгек жана иш менен камсыз кылуу статистика бөлүмү  |e-mail:jailobaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312)  62 60 76
Расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда колдонуучулар алардын булагына кайрылууга милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

 


Last updating: 10.11.2021, 10:18