«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери» статистикалык жыйнагы басылып чыкты

Publications: 29.11.2019


«Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери 2014-2018» статистикалык жыйнагы басылып чыкты. Жыйнак калк, мамлекеттик башкаруу органдарындагы аялдардын жана эркектердин өкүлчүлүктөрү, иш менен камсыздуулугу жана жумушсуздугу, жашоо деңгээли, билими, саламаттыкты сактоо, кылмыштуулук, аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштар, үй бүлөлүк зомбулук жана ошондой эле Кыргызстандагы аялдар менен эркектердин абалын аныктоочу, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууңуздарды өтүнөбүз, байланыш телефондору: +996 (312) 324703.

Кененирээк маалымат алуу үчүн Улуттук статистика комитетинин сайтындагы «Басылмалар/Кыргыз Республикасынын аялдары жана эркектери» бөлүгүнөн  карасаңыздар болот.

_______________________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү | e-mail: j.rahmanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 324652

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 13.12.2019, 13:59