«Кыргыз Республикасынын ишканаларынын финансысы - 2016-2020» статистикалык басылма басылып чыкты

Publications: 22.09.2021


Басылма 2016-2020-жылдардагы экономиканын реалдуу жана финансы секторлорунун ишканаларынын ишмердигинин финансылык көрсөткүчтөрүнүн талдоосун камтыйт. Жыйнактын бөлүмдөрү экономиканын секторлоруна: реалдуу сектордун, финансылык сектордун ишканасына жана үй чарбасын тейлеген коммерциялык эмес уюмдарга ылайык жайгаштырылган. Тиркемелерде экономикалык ишмердиктин түрлөрү жана аймактар боюнча жылдык динамика менен статистикалык таблиицалар келтирилген.

Басылмада экономиканын ишканаларынын жана тармактарынын, финансылык-кредиттик тутумунун финансылык абалын, камсыздандыруу компанияларынын жана инвестициялык фонддордун ишмердигин мүнөздөгөн статистикалык маалыматтарга кыскача методологиялык түшүндүрмөлөр келтирилди.

__________________________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү       |        e-mail: m.abdukadirova@stat.kg     |      тел. + 996 (312) 626073; 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Last updating: 22.09.2021, 15:58