2020-жылы калктын ооруга чалдыгуусу

Publications: 03.06.2021


2020-жылы республикада медициналык уюмдарга 1 миллиондон ашык кайрылган учурлар катталган, анда балдардын үлүшүнө 36% дан ашыгы туура келген.

Калктын жалпы ооруга чалдыгуу структурасында оорулардын эң көп саны (36%) дем алуу органдарынын ооруларына, 12% дан ашыгы - тамак сиңирүү органдарына, 7% - заара системасынын органдарынын ооруларына, 5% -  травма жана ууланууга, 8% ашыгы -  жугуштуу жана мите ооруларына туура келди.

2020-жылы дем алуу органдарынын ооруулары
(жыйынтыкка карата пайыз менен)

Диаграммадан көрүнүп тургандай, 2020-жылы респиратордук оорулардын структурасында бейтаптардын жалпы санынын 74% тышкы дем алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясы, 11% жакыны - ички дем ​​алуу жолдорунун курч респиратордук инфекциясы жана 10% - пневмония диагнозу коюлган.

2020-жылы кан айлануу системасынын ооруларына ооругандардын 3 пайыздан ашыгы (медициналык-профилактикалык уюмдарга кайрылгандарга) туура келген, бирок өлкөдөгү өлүмдүн жарымынан көбүнө ушул оорулар себеп болот. Ооругандардын санынан 60% гипертония оорусу боюнча кайрылышкан.

Жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандардын көпчүлүгү калктын 100 миңине алганда Ысык-Көл облусунда (828 учур), Таласта (720 учур), Баткен облусунда (701 учур), эң азы Ош облусунда (448 учур), Ош шаарында (527 учур), жана Жалал-Абад облусунда (499 учур) белгиленди.

Өлүм себептеринин структурасында кан айлануу системасы ооруларынан кийин экинчи болуп шишик оорулары саналат.

Алардын локализациясына токтолсок, бул жерде тамак сиңирүү органдарынын оорулары (33% жакын), андан кийин эмчек оорулары - 11% дан ашык, дем алуу органдары (трахея, бронх жана өпкө) - 12% дан ашык, лимфа жана кан түзүү ткандары - 5% дан ашык жана теринин рак оорусу - 4% дан ашык оорулар басымдуулук кылат.

2020-жылдын аягында республиканын онкологиялык мекемелеринде 20 миңден ашык адам каттоодо турат, алардын 98% дан ашыгын аялдар түзөт.

2020-жылы калкка 14 миңден ашык дарыгерлер жана 35 миңден ашык орто медицина кызматкерлери медициналык-санитардык жардам көрсөтүшкөн.

Республикада калктын 10 миңине алганда 21 дарыгер жана 53 орто медицина кызматкерлери туура келет.

______________________________________________________________________

Социалдык статистики бөлүмү, e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

 

 


Last updating: 03.06.2021, 16:44